Menu

Күйүүчү май кымбаттаганы элибиз кыйнала баштады

Бөлүшүү:

Соңку эки айдын ичинде өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баанын куну ыксыз учуп, күн санап кымбаттоодо. Мунун бир эле жообу мунайдын дүйнөлүк баасы, айрыкча Россия менен Казакстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы менен түшүндүрүлөт. Кунары качкан жанар майларынын баа наркын башка жол-жобосун өздөштүрүү менен тизгиндөөгө болот беле? Сыртта курулуш, айыл чарба иштери кызуу жүрүп турган маалда май баасынын күн сайын өсүшү күнүмдүк керектелүүчү азыктардан тарта жашоонун баардык катмарларына кымбатчылыктын тамыры кенен жайылып, каржалып турган калктын шайын оодарууда. Тиешелүү бийлик өкүлдөрү кошуна Россия менен бул жагынан сүйлөшүү жүргүзүп, кымбатчылыктын эпкинин ооздукташса болот беле? Анда ушул жагынан сөз кылып көрөлү.

Урмат Самаев, ЖК депутаты:

– Чындыгында соңку убакта куйүүчү-майлоочу майлардын баасы күн санап кымбаттачу болду. Акыркы алты айда бул көрүнүш көндүм ишке айланып бараткандай. Эң болбоду дегенде аптасына 1 сомго чейин көтөрүлүп жатат. Өкмөт бул ишке дүйнөлүк баа наркын шылтоо кылбай, тезирээк кыймылдап, чара көрбөсө болбойт. Сыртта айыл чарба иштери кызуу темпте жүрүп жатат. Дыйкандарыбызга бул жагынан кыйынчылык болуп, керек болсо каржалып жатат десек болот. Туура, Россияда кымбаттап жатыптыр дейли. Эми ошону деле эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу жөнгө салып, баасын тизгиндеп турса болот эле да. Жакында күзгү оруп-жыйноо иштеринин алгачкы этабы башталат. Анан азыркыдай күн сайын май кымбаттай берсе дыйкандарыбыз эмне калат? Майдын кымбатташы менен кыбыр эткен нерсенин баарысынын баалары көтөрүлө баштайт. Алды көтөрүлө баштады. Өлкөбүздө мындан башка да көйгөйлөр жетишпей жаткансып, өкмөт бул маселеге тереңирээк көз салып, маселе жеткен чегине жетип, курчуп кете электе чечпесе болбойт. Антпесе, карапайым элибиз кыйналгандын гана ичинде болууда.

Сейтек Байгуттиев, коомдук ишмер:

Биринчиден, Россия Федерациясынын » өкмөтү үстүбүздөгү жылдын 1 -январынан баштап бензин менен дизелдик майга акциз салыгын көтөргөнү чындык. Ар бир литрге 50 тыйын кошуп жүрүшөт. Андыктан, чынжыр байланышына окшоп кезек менен Казакстан дагы алардан айырмаланган жок. Баалар күйүүчү майга кескин түрдө өсүүдө. Мындай көрүнүшкө биздин өлкө жетекчилери кийлигишип, айыл чарбанын, өнөр жай өндүрүшүнүн, курулуштардын көгөйлөрүн тез арада чечүүнүн аракетинде болушу өтө зарыл иш экени бүгүн баарына белгилүү. Буга алдын ала чара көрүш керек эле. Анткени, жылда кайталана турган иш болуп калбадыбы. Өзүбүздөн чыккан мунайзаттар бизге жеткидей эмес. Анүстүнө бизде бул боюнча мүмкүнчүлүк да аз. Бир гана өкмөттүн аракети менен чечиле турган иш. Мусапыр болгонубузду мына ушундан дагы көрсө болот. Экинчиден, Россиянын бааларын өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аркылуу түшүрсө эмнеге болбосун? Толугу менен болот.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: