Menu

Акылбек Жамангулов, ЖК депутаты: Мамлекеттик ишкана “Мегакомдун” жетекчилери 10 миң эмес, 20 миң доллардан айлык алышат экен”

Бөлүшүү:

“Мына сиз өзүңүз айттыңыз, 20 кирешелүү ишканада мамлекеттин энчиси бар, бирок алар ал ишканаларды жеке менчик ишканадай өз кызыкчылыгына иштетип келатышат деп, туура, мен да ушул тууралу бир нече жолу парламентте маселе көтөрүп келатам, Кыргызтелеком боюнча, Мегаком боюнча бирок жылыш жок”, – деп билдирди бүгүн, 14-февралда парламенттеги өкмөттүн отчетун угуу учурунда  депутат Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.

“Мегаком  боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, кагаздарын сурасак жооп бербей жатышат. Эсеп палатасынын Мегакомду текшерген акыркы 4 жылдагы отчетун, актыларын карап чыктым да, ал жерде 1,5 миң киши иштейт экен. Ошол 1,5 миң кишинин орточо айлык акысы ар бирине 66 миң сомдон чыгат экен. Ошол эле учурда Мегакомдун 10 жетекчисинин алган айлыгы жалпы айлык акы фондунун 10%ын түзөт экен. Жалпысынан айтканда сиз айткандай 10 миң доллардан эмес, жетекчилери 20 миң долларга чейин айлык алышат. Сиз айтып кеттиңиз, 2 же 3 миң сом өлчөмүндөгү жөлөкпул, пенсия, айлыктар бар деп. Өмүр бою илимде иштеген докторлордун, доценттердин айлыгы 10 миң сом. Кандай негизде ушул мамлекеттик ишканалардын жетекчилери өздөрүнө 10 миң же 20 миң доллар айлык коюп жатышат? Мегакомдо жыл сайын 1,5 млрд сомдук киреше түшпөй калып жатат, ошол эле учурда алар 40 млн сом акчаны жыл сайын спонсорлукка жумшашат экен. Тактап көрсөм  ал акчаларды  алар өздөрүнүн айылдарына, туугандарына берет экен. Мамлекеттик акчанын 40 млн сомун спонсорлукка жумшоого аларга ким укук берди? Ушуну көзөмөлгө албайсызбы?”, – деп суранды депутат Жамангулов.

Премьер-министр М.Абылгазиев бул ишти көзөмөлгө аларын жана жакынкы учурда мындай ишканалардагы каржылык тартипсиздиктерди жөнгө салууга убада берди.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: