Menu

Өкмөт сын-пикирден чыйралабы?

Бөлүшүү:

Учурда бийликтин коррупцияга каршы курөшү коомчулуктун көңүлун бурганы менен өкмөттүн эмне иштерди кылганы азырынча ың-жыңсыз, белгисиз бойдон калууда. Мунун айынан ансыз да очорулган экономикабызга оор сокку урулаары турган иш. Коррупцияга каршы күрөш шоуга айланып, мунун эпкини менен өкмөттүн иши элдир-селдир нукта улануудабы? Анан калса министрлер курамынын кашаң жүрүшүн социалдык түйүн колдонуучулары бир беткей баса белгилешүүдө. Мындай көрүнүшкө оюңуз кандай? Маселеге эл көзүндөгү экөө жооп узатышты.

Аскер Сакыбаева, журналист:

– «Коррупцияга каршы күрөш» деп айтылып, ТЭЦ коррупциясы иликтене баштаганда баарыбыз сүйүнгөнбүз. Биздин сүйүнүчкө Аскар Шадиевдин качып кеткени, укук коргоо органдары билип турушуп билбегендей мамиле кылганы суу септи. Мен азыр коррупция менен күрөшкө ишенбей калдым. Коомдо эмне деген шумдуктай окуялар болуп, ага чет элдиктер көз карашын билдирип жатса, биздин бийлик тымпыйып отуруп бергени демди дагы бир суутту. Иштей албаса, адам тагдырына, элине кайдыгер өкмөттүн эмне кереги бар? Бурулай деген жаш кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө министрлердин жоопкерчилиги каралыш керек эле. Биздикилер бетти бетон кылып коюп, козголбой отурушат. Эми араң элдин социалдык түйүндөрдөгү мамилесинен кийин 25 жылдан бери айтылып, тамтыгы чыккан сөздү айтып чыгышты. Мындай мамиле бийликке ишеним жаратпайт.

Марат Казакпаев, саясат таануучу:

– Эң оболу, бийлик органдары, өзгөчө өкмөт өздөрүнүн алдыга койгон иш-пландарын, идеяларын, кандай кадамдарга барышарын элге ачык жарыялап, сунуштап чыгышы керек болчу. Ар бир президент келгенде коррупцияга каршы күрөшүн башташат. Азыркылар деле жемкорлукка каршы күрөштү башташканы менен аракеттери азырынча ишке ашпай жаткансыйт. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 8-февралында коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү уланарын жарыялаган. Анын мындай кадамынан соң экс-президент Алмазбек Атамбаев «биз дагы жемкорлукка каршы күрөш баштап, чечкиндүү кадамдарды кылганбыз, бирок, аны жаңы бийлик чийип жатат» деп айтты. Мен анын пикирине макул эмесмин. Учурда жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатат. Мунун эпкини менен Атамбаевдин кадрлары четинен кылтакка илине башташты. Буга чейинки өлкөдө болуп келген ар бир долбоорго Атамбаевдин бийликтеги өздүк кадрлары колун салышып, уурдап келишкени ачыкка чыгууда. Былыктары билингени алды чет өлкөлөргө кача башташты. Ошол эле бир кездеги айтылуу Икрамжан Илмиянов да чет өлкөгө кире качканы сөз болууда. Көрсө, булардын баарысы коррупцияга малынышкан экен да, туурабы? Негизи жемкорлук менен системалуу күрөш жүргүзүү зарыл. Бул балакетти кыска аралыкта бүтүрө албайсың. Ал эми учурдагы өкмөттүн курамын карасаңар баягы эле адамдар, эски жүздөр. Булардын канчалык деңгээлде иш алып бара алышары боюнча чоң суроолор бар. Жаңы премьер-министр Абылгазиевдин программасын биз азырынча билбей жатабыз. Маселен, буга чейинки жаш өкмөт башчы Сапар Исаковдун «Акылдуу шаар», «Таза коом» деген идеялары жакшы болчу. Бирок, алары аткарылган жок. Сөз жүзүндө гана желге айланып кетти. Ал эми Абылгазиевдин өкмөтүнүн не кылып жатканы билинбейт. Ырас, келишти, отурушат, же бир ишин, же бир концепциясын көрбөйбүз. Буларды реформатор дей албайбыз, чындап келсе азыркыдай шартта мындай өкмөттүн кереги жок.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: