Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жана диаспора өкүлдөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө тиешелүү эмгек мигранттарын тынчсызданткан көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков алардын каалоо-тилектерин угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Президент менен баарлашуу учурунда жолугушуунун айрым катышуучулары өлкөнүн экономикасы жана аймактарды өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты жана өздөрү кичи мекенин өнүктүрүүдө конкреттүү жардам көрсөтүп жатышканын белгилешти.

Алар ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого багытталган демилгелери жөнүндө айтып беришип, тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишүүнүн маанисин белгилешти.

Президент менен жолугушууда мекендештер ошондой эле жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүшү керектигин белгилешти.

Мындан тышкары, алар Мамлекет башчысына коррупцияга каршы күрөштө колдой тургандыктарын билдиришип, көпчүлүк эмгек мигранттары бөтөн жерде «Кыргызстандагы коррупциянын айынан тентип» жүргөнүн белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ЕАЭБге интеграциясына, анын ичинде эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча чараларга токтолду.

Ал мекендештердин Кыргызстандын аймактарын колдоо боюнча демилгелери колдоого алынаарлык экенин белгилеп, коррупция менен күрөш улана турганын айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле мекендештерди Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине Кыргызстанда татыктуу көңүл бурулаарына ишендирди.

«Чыңгыз Айтматов — элибиздин татыктуу уулу. Биз анын 90 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрөбүз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуу жыйынтыкталгандан кийин Мамлекет башчысы Элчиликтин имаратын карап чыгып, анын иштөө шарттары жана Элчиликтин кызматкерлеринин Россиядагы кыргызстандык жарандар менен иштегени менен таанышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: