Menu

Фото – Москвадагы “Обелиск” издөө отрядынын өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбековго Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокердин жеке буюмдарын тапшырышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Москва шаарына иш сапарынын алкагында москвалык «Обелиск» издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Издөөчүлөр Мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан курман болгон жоокер Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» («Шагнувши в бессмертие») медалын анын туугандарына өткөрүп берүү үчүн тапшырышты.

Алардын айтымында, болжол менен 1942-1943-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон биздин жоокердин сөөгү Смоленск облусунда Бекрино айылынын жанынан табылып, Овсянники айылындагы Эскерүү талаасына кайрадан коюлган.

Медальондун кагазында мындай деп жазылган: «Туулган жери: Кыргыз ССРи, Ош облусу, Алай району, Ленин сельсовети, „Ленин“ колхозу. Апасы: Маматова Теглан. Согушка чейин ошол эле даректе жашаган. 1942-жылдын ноябрында Кыргыз ССРнин Гүлчө РВКсы аркылуу чакырылган».

Москвалык «Обелиск» издөө отрядынын командиринин орун басары Ольга Полякова Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, ал улуу миссияны аткарып жатканын, жердешинин фронттук тагдырын ыйык кылган жеке буюмдарын жана документтерин алып жатканын белгиледи.

«Ал Улуу Ата Мекендик согушта бардыгыбыз ачык асмандын алдында жашообуз үчүн, Мекен үчүн курман болду. Бул жоокердин жакындары жана туугандары анын кайда коюлганын эми билишкенине биз кубанычтабыз», — деп белгиледи Ольга Полякова.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Обелиск» издөө отрядынын мүчөлөрүн талыкпаган жумуштары жана өз ишине берилип кызмат кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгегинин аркасы менен буга чейин белгисиз болуп келген көптөгөн жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталганын белгиледи.

Ал Кыргызстанда ошондой эле «Наша Победа-Биздин Жеңиш» жана «Эрдик-Подвиг» деген издөө кыймылдары дагы иш жүргүзүшөөрүн эскерди.

Мамлекет башчысы издөө отрядынын мүчөлөрүн Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон мекендештин буюмдары туугандарына өткөрүлүп берилет деп ишендирди.

Маалымдама:

Москвалык «Обелиск» издөө отряды — коомдук уюм. Отряддын түзүүнүн максаты — Улуу Ата Мекендик согуш жылдары курман болгон Мекенди коргоочулардын элесин түбөлүккө сактоо, агартуу ишмердиги жана ошондой эле жаш муунга патриоттук тарбия берүү, бул максаттын негизинде жеке адамдарды, жаштардын жана башка агымдардын башын бириктирүү болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: