Menu

Фотобаян – Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышты

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россиянын Москва шаарына иш сапар менен барды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуп, аны менен эки тараптуу мүнөздөгү жана ЕАЭБдин алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулады.
Мындан тышкары Мамлекет башчысы Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана «Обелиск» москвалык издөө отрядынын өкүлдөрү менен жолугушту. Алар Мамлекет башчысына Ош облусунун Алай районунан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокер Балтабай Борошевдин 2006-жылы табылган медальонун, курунун кемерин жана «Өлбөстүккө кадам» («Шагнувши в бессмертие») медалын анын туугандарына өткөрүп берүү үчүн тапшырышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекет башчылары менен биргеликте футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышты.
 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: