Menu

Мамлекеттик “Кабар” агенттигинин кыргызча редакциясы жоюлду

Бөлүшүү:

Ушул жумада Rasul Murat аттуу Фейсбук колдонуучу өлкөбүздүн маалымат айдыңында, болгондо да КРнын Президентине караштуу жападан жалгыз “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде кыргыз редакциясы жоюлуп кеткендигин аталган социалдык тармак аркылуу жар салды. Анын билдирүүсүндө, учурда бул мамлекет башчыбыздын ишмердүүлүгүн жана дегеле бийликтин алгылыктуу аракеттерин коомчулукка жеткирүү милдети жүктөлгөн агенттикте кыргыз редакциясы мындан бир жылдай мурда жоюлуп кетип, азыр бир гана котормочу орус тилинен которот экен. Анан калса, эмнегедир бул агенттикте кыргыздарга, кыргыз редакциясынын журналисттерине кысым, басым көрсөтүлүп отуруп, компьютер, оргтехникалардын да эскилери берилип, ушул кургуйга кулаган абалга жеткен. Ал эми бул бөлүмдө иштеген кыргыз журналисттер чилдей таратылыптыр. Алар Эмгек кодексине ылайык “Өз арызы менен” кеткендигине карабай, көпчүлүгү кетирилгендиги, кетүүгө мажбур болгондугу айтылууда. Чет элдик командировкаларга да кыргыз журналисттердин чыгуусуна “санкция” киргизилиптир.

“Укмуштуунун төөсү жорго” деп ушуну айтсаң болот, Президентибиз С. Жээнбеков кыргызча сүйлөсө, аны орус редакциянын журналисттери орусча жазып, ал кайра кыргыз котормочу тарабынан кыргыз тилине которулат турбайбы. Сыягы, мындай апендичилик эч бир дүйнөнүн президенттерине караштуу маалымат агенттиктеринде болбосо керек. Ар бир эле күчтүү мамлекеттин эң оболу маалымат саясаты күчтүү болуш керек. Ансыз иши жүрүшпөйт.

Былтыр 80 жылдыгын белгилеген “Кабар” агенттиги СССРдин учурунда айтылуу ТАССтын Кыргыз ССРиндеги филиалы болуп, КПССтин маалыматтары алгач ушул агенттикке берилип, андан башка республикалык, облусттук, райондук гезиттерге жөнөтүлүп турган. Ошол учурда “Кабар” — ​“КырТАГда” иштөө чоң сыймык жана жоопкерчиликтүү кызмат болгон. Тилекке каршы 1991-жылдагы “приватизация — ​прихватизация” деп аталган талап-тономойдун эпкини ушул мамлекеттик агенттикти да кыйгап өтпөй, шылуундар азыр маңдайындагы бизнес-борборго айланган жертөлөсү бар үч кабат имаратты менчиктештирип алышкан. Ал имараттын ээси азыр Фиакони деген италиялык бизнесмен деп угабыз.

Баарынан кызыгы жана таң каларлыгы, бүгүнкү күндө ар бир маалымат каражаттары аймактарда, чет мамлекеттерде өздөрүнүн кабарчылар пункттарын ачып, кеңейип жатышса, “Кабардын” республикабыздын облусттарындагы бөлүмдөрү да жоюлуп, жада калса түштүк борбор Ошто бөлүмү жок экендигин кандай түшүнсө болот? Бул жагдайга айтылуу “Азаттык” маалымат булагы да көңүл буруп, директору К. Таабалдиев өз жообун бериптир. Бирок ал куш тилиндей кабарга жазылган комментарийлерде бул маселени керек болсо улуттук кызыкчылыкка чыккынчылык кылуу, кыргыз тилин басмырлоо аракети катары баалап, УКМК иликтеши керектиги айтылууда.

Бирок автор эртеси күнү ошол эле Фейсбуктан мындай өз айтканына каршы чыккан мындай билдирүү таратты: “Айрым учурларды эске алуу менен буга чейин жазылган билдирүүнү өчүрдүм.

Ак үйдөн, көк үйдөн, тааныш-билиштер телефонду тындырбай чалышып, ФБдан жазып да “тажатышты”.

Бул билдирүү чындап эле көйгөй бар экенин айгинеледи окшойт.

P. S. Анан ошол. Бир жерди көздөп, бирөөнүн ордун тартып алайын деген арам оюм жок”.

Демек, Президенттин басма сөз катчысы өлкөбүздүн, мамлекет башчыбыздын башкы органы болуп, бюджеттен миллиондогон сомдор бөлүнгөн Улуттук статусу бар агенттиктеги абалды иликтеп, коомчулукка туура маалымат берүүнүн ордуна, чыркыраган чындыкты жаап-жашыруу далбасасын көргөн турбайбы. Эми Президент С. Жээнбеков, Аппарат башчынын орун басары, мекенчил жигит Досалы Эсеналиев Кыргызстанда кыргыз тилинин басмырланып, кыргыз журналисттеринин куугунтукталышына кандай мамиле жасашар экен?!

P.S. Бизге “Кабар” агенттигиндеги чыныгы абал тууралуу көптөгөн маалыматтар келүүдө. Алар тууралуу кийинки сандарда кеңири жазмакчыбыз…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: