Menu

Атамбаев учурунда чет элдиктерге берилген алтын кендерде кыргыз мамлекетинин 1%да үлүшү жок экен

Бөлүшүү:

Ушул жума Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар кайрадан митингге чыгышты. Акцияга чыккандар менен алгач өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолукту.

Митингге чыккан 200–300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну жана калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышты.

Ошондой эле чогулгандар бийлик алардын талабын укпай келатканын белгилешти. Сатыбалдиев жолугушууда эртең Бишкектен өкмөт мүчөлөрү менен тиешелүү адистер келип, тургундар менен жолугушарын билдирди.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда “Жи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык” жана “Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу” беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган болчу.

Көрсө, ушул жана башка алтын баш болгон баалуу металлдар казылып алынган кендерде мамлекеттин 1%да үлүшү жок экен. Анткен менен чоң кызматтагы чиновниктердин өздөрүнүн көмүскө “долясы” бар экендигин эл билет.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: