Өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаевге жан үрөп, аларды камоо туура эмес болду, баардык ишти президент катары өзүм чечкем деп билдирүү тараткан. Анын ушул билдирүүсү эле ондон ашык адамдын камалышы мыйзамдын чегинде болуп жатканын ачыктап салды. Атамбаев президент болуп туруп, өзүнүн мыйзамдуу укугунан аша чаап, бийликти бир колго топтоп, аткаруу бийлигин каалагандай калчаганын билдирди. Камалган адамдардын буга эч кандай тийешеси жок деп Атамбаев канчалык актанбасын, билдирүүдө айтылган сөздөрдүн аркасында “Чечимди мен кабыл алганмын, булар ошол чечимди аткарышкан” деген маани жаткансыды. Башкы прокуратура, УКМК коррупционерлерди четинен камап жатабыз деп көкүрөк койгулабастан, Атамбаевдин билдирүүсүн тыкыр карап чыгууга милдеттүү болуп турат. Камалгандардын арасынан кимдир бирөө көрсөтмө берет деп олтура бербестен, өзү баарын мойнуна алып жаткан соң иликтөөнү кечиктирбестен баштаганы оң го. Саясий абал күндөн-күнгө курчуп бара жатат. Эгер чуулгандуу иштерге элдин деми менен чекит коюп койгонго жарашпаса, кийин миң аракет кылса да колдорунан коко иш келбей турганы анык.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ