Menu

Акылдуу шаарбы же аңдыган кайненеби?

Бөлүшүү:

Чуусу бүтпөгөн, тээтиги М.Бакиев баштап кеткен “акылдуу шаар” деген долбоорду өкмөт аке бүтүрө албай эле убара. Эми биринчи вице- премьер Кубатбек Бороновдун колуна тапшырылыптыр бул долбоор. Башында каралган долбоор боюнча автоунаалардын ылдамдыгын гана чектөөчү камералар орнотула турган болсо, эми кадимкидей илимий-фантастика кинолордогудай Бишкек, Ош, Чолпон-Ата жана чоң жолдордогу баардык кыймыл аракетти аңдып, кыргызстандыктардын ийне-жибине чейинки жеке турмушуна аралаша турган программа сунушталып жатат. Муну коңшу Кытай өлкөсү террорчу делген уйгурларды аңдууга, бир жарым миллиард элинин арасынан тез арада режимге каршы болгон душманды таап алыш үчүн киргизип атыптыр. Бизге бул системанын кереги барбы, туугандар? Ойлоп көрсөңүздөр, бүт баскан-турган, катышкандарыбыздын маалыматын мамлекет гана эмес, ал система аркылуу жеке касташтарыбыздын жана уюшулган кылмыштуу топтордун колуна тапшырууга макулбузбу? Эртең-бүрсүгүнү күйөө баласын “сен үч ай мурун жумуштан кийин кимдикине бардың эле?” деп кайненеси сүрөттөрү менен жарга такай турганы азыр эле белгилүү. Биз оппозициянын артынан авторитардык режим аңдып атат деп даттанууларына жыйырма жылдын ичинде көнүп калдык, бирок эмнеге эми моюнубузду өзүбүз салып берип атабыз бул “акылдуу” делген, бирок эң коркунучтуу, тоталитардык системага. Депутаттарыбыз тез арада бул системаны ылдамдыкты өлчөө функциясы менен гана чектеп, ар кандай маалыматтарды топтоого жол берилбешин камсыз кылуулары милдет.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: