Menu

Атамбаевдик бийликке кызмат кылган “Фабула” жана “Багыт” гезиттери Бекен Назаралиевди “трайбалист” деп “үрүп” башташты

Бөлүшүү:

Өткөн жумадан баштап мурунку бийликке кызмат кылган гезиттер “Жаңы Ордо” гезитинин кожоюну, түптөөчүсү Бекен Назаралиевди “трайбалист” деп “үрүп” башташты. Алардын “үргөнүнүн” себеби, шефтеринин талуу жерине тийип, бир орунга олтургузбай жаткан гезиттеги ачуу чындык болууда. “Фабула”, “Багыт” гезиттери  жазгандай Бекен Назаралиевди коомчулук трайбалист катары тааныйбы же кыргыз журналистикасында өз позициясы, өз көз карашы, бетке ачуу чындыкты тайманбай айта алган журналист, жазмакер катары тааныйбы деп сурап да көрдүк.

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны: «Бекен Кыргызстандагы калыс, таланттуу журналист»

— Андай боло албагандар, аны көралбагандар ар кандай формада жамандап атышат да. Алардын жазганына Бекен кабагым-кашым да деп койбойт. Өзүнүн сүйгөн, билген ишин так аткарып келатат. Журналистиканы түшүнбөгөн, билбеген, кимдир бирөөнүн колтугунда эптеп күн көрүп жүргөндөрдүн деңгээли ушундай болот. Бекен Кыргызстандагы бирден-бир калыс, таланттуу журналист. Мен Бекенге чың ден-соолук, катаал журналисттик жолду таштабасын каалайт элем.

Өмүрбек Суваналиев, генерал: «Аны трайбалист деген аябай эле күлкүлүү нерсе»

— Бекенди трайбалист деп жазуу дагы азыркы учурдагы саясий жүрүш. Бекен Назаралиев бир гана журналистикада эмес, кыргыз саясатында дагы белгилүү инсан. Көп жылдардан бери эле өзүнүн саясий көз карашын, ой-пикирин айтып келатат. Коомдук пикирди дагы жакшы түшүнө алат. Аны трайбалист деп айтуу акылга сыйбайт. Мен Бекенди эгемендүү өлкө болгондон бери эле жакшы тааныйм. Башында аны сүйлөгөн сөзүнөн, мамилесинен нарындык экен деп жүрчүмүн. Түштүктүн кулуну болорун кийин билдим. Аны трайбалист деген аябай эле күлкүлүү нерсе. Бекен кыргыз эли десе ичип жаткан ашын таштап койчу патриот жигит. Ошон үчүн аны баарыбыз сыйлайбыз.

Зарылбек РЫСАЛИЕВ,  Жогорку Кеңештин депутаты: «Трайбалист болсо, тууганы Текебаевди сындап жазмак беле?»

— Бекен Назаралиевди трайбалист деп атоо — ​кимдир-бирөөлөрдүн айла кеткенде айтылган сөзү. Ал кайдагы трайбалист? Трайбалист болсо, өз газетасында тууганы жана жердеши болуп эсептелген Өмүрбек Текебаевди, түштүктүн бир далай лөктөрүн кайра-кайра сындап жазмак беле? Аны, тескерисинче, антитрайбалист деп айтсак туура болчудай. Кыргыз негизинен трайбалист калк. Ага карабастан, Бекен Назаралиевде андай касиет жок деп ойлойм.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: «Бекен Назаралиев өзүнүн принциби бар журналист»

— Кыргызстанда ар бир келген бийлик өздөрүнө жөнөкөй гезиттерден баштап, телевидениелерге чейин кызмат кылгызат. Ошолор аркылуу саясатын жүргүзгөнгө аракет жасашат. Ал бийлик кеткенден кийин эле көптөгөн гезиттер жабылат. Өлкөдө саналуу эле гезиттер бар. Ошол гезиттер канча бийлик алмашса дагы өздөрүнүн принципиалдуу позицияларын карманып, коомдогу маанилүү маселелерди көтөрүп, керек учурда бийликке да ачуу сын айтып келишет. Алардын бири Бекен Назаралиев түптөгөн “Жаңы Ордо” гезити. Бекен Назаралиев өзүнүн принциби бар журналист. Аны трайбалист деп аткандар башка сөз таба алышпай, ошону ойлоп табышса керек.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Бул оорудан биз эбак айыкканбыз»

— Атамбаевдин азыр бир эле чарасы калды. Ал элди регионго бөлүп, араздашууну, тукурууну күчөтүп, азыркы бийликти элге жаман көрсөтүшү керек. Эч нерсе боло электе эле, жазында Бакиевдерди эстетип чыкты. Ал муну менен эмнени айтып атканы баарыбызга эле түшүнүктүү болгон. Анын айтканы өтө жийиркеничтүү болгону менен мурункудай коркунучтуу эмес. Бул оорудан биз эбак айыкканбыз. Андай заман өткөн. Кокту-коктудан эчак эле чыкканбыз. Биз бир элбиз. Кыргызды бөлүп жара албайсыңар, душмандар. Бекен Назаралиевге асылгандары да ошол эле айла кеткендеги иштери го. Буга көңүл буруунун кереги жок.

Илим Карыпбеков, КТРКнын башкы директору: «Бул чындыгында күлкүлүү нерсе, былжырак сөз»

— Бекен агай эгер трайбалист болсо, мурун эле ошондой мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ошондон бери келаткан Бекен агайыбыз бүгүн эле трайбалист болуп чыга калмак беле? Бул чындыгында күлкүлүү нерсе, былжырак сөз. Айта турган сөз жок болуп калып, ушул сөздү айтышса керек. Азыр “Кыргыз журналистикасында ким бар?” деп сурашса, мен Бекен Назаралиев деп айтмакмын. Ошондой бийиктикке өз эмгеги менен жеткен, тажрыйбасы мол адам трайбалисттик деңгээлге аракет кылса дагы түшө албайт.

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Бекен трайбалист болсо Акаевге барбай коймок да»

— Бекен Назаралиев журналисттердин арасынан эр жүрөк журналист. Баш оту менен журналистикага кирген, өзүнүн жеке каражаты менен от күйгөн жерге чейин барып, башын канжыгага байлап койгон бирден-бир журналист. 1994–95-жылдары от күйүп жаткан Чеченстанга мени менен барып келүү тууралуу журналисттерге кайрылсам, баары кара жанын ойлоп, өлүп калам деп коркушкан. Жалгыз гана Бекен Назаралиев макул болуп Чеченстанга барып, чечен оппозициясынын лидерлери Аслан Масхадов, Зелимха Яндарбиев, Удугов, Шамиль Басаевдер менен жолукканбыз. Баткенге боевиктер келгенде дагы журналисттерден жалгыз гана Бекен барган. Кан күйгөн жерге барууга духу жетпегендер азыр Бекенди трайбалист деп атагандан мурун Кудайды карап койбойбу?! Зардалыга барганда боевиктер Бекенди намаз окубасаң атып салабыз дешкен. Бекен атып салабыз деп коркутканына карабай намаз окубай койгон. Ал принципке катуу турган журналист. Мен өзүм Нарындан болом. Бекен баарыбызга бирдей эле мамиле жасап келет. Анын трайбалист жагын ким көрүптүр? Кыргызстанга жетекчи болуп Жээнбековдой таза инсан келди. Аны колдоп гезитке жазып жатса, эмнеси трайбалист? Жээнбеков түштүктөн болсо эле Бекенди трайбалист деп ойлоп жатышабы? Убагында Акаевди дагы катуу сындап жүргөн, жакында эле өзүнө барып, жакшы маек алып келди. Бекен трайбалист болсо Акаевге барбай коймок да. Кыргыз журналистикасында Бекендин жасаган ишинин бирин да аны трайбалист деп жазгандар аткара элек. Тилди кычыштырбай, жинди келтирбей тынч эле жүрүшсө болмок ошолор.

Каныбек Иманалиев,  Жогорку Кеңештин депутаты: «Акыйкат үчүн күрөшкөн, как жарган калыстыкты айткан, тайманбаган журналист»

— Бекен Назаралиевди позициясы бийик журналист гана эмес, сүрөтчү мезгилинен бери билем. Ал эч убакта регионалисттик, трайбалисттик, уруучулук сезимдерге жетеленген журналист эмес. Акыйкат үчүн күрөшкөн, как жарган калыстыкты айткан, тайманбаган журналист. Бир өрөөндүн эмес, бүтүндөй кыргыздын кызыкчылыгын коргогон инсандардын бири. Трайбалист деп асылып жаткандар алысты көралбагандар. Деңгээли жагынан Бекен Назаралиевге тең келбегендер.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдерин кандидаты: «Бекен байке трайбалист болсо Текебаевди колдоп чыкмак»

— Бүгүн өлкөбүздө саясий процесстер демократиялык нугуна бурулуп, бир калыпка түшүп келатат. Ошол маалда эски бийликтин методдоруна салып, жалаанын негизинде Бекен байкени трайбалист деп асылуунун кандай кажети бар? Эгер Бекен байке трайбалист болсо, анда ал эбак эле жакын тууганы, эки революциянын каарманы Ө. Текебаевди колдоп чыкмак. Мамлекеттик кызматтарды аркалап же анын партиясы менен депутат да болуп алмак. Бекен Назаралиев өз позициясы бар, мыкты журналист жана коомдук ишмер. Анын өз позициясы, көз карашы бар экенин жаамы журтубуз жакшы билет десем жаңылбайм!

Сейит ЖЕТИМИШОВ, акын-жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «Чындыкты сүйгөн элибиз            сен тарапта»

— Коррупционер-трайбалисттер Бекенди эч качан “айкөл Бекен” деп айтышпайт да. Бекен балам, бул нерсеге терикпей эле кой. “Жаңы Ордонун” сынына кабылгандар ооздоруна киргенин оттой беришсин. Чындыкты сүйгөн элибиз сен тарапта.

Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу: «Атамбаевди, жан-жөөкөрлөрүн сындап койсо эле трайбалист болуп чыга келеби?»

— Бекен Назаралиевди трайбалист дегендик — ​ич күйдүлүктүн белгиси. Бүгүнкү кыргыз коомунун ашмалтайын чыгарган №1-коррупционер Атамбаевди, анын жан-жөөкөрлөрүн катуураак сындап койсо эле трайбалист болуп чыга келеби?

Нургазы Анаркулов, “Майдан.kg” гезитинин башкы редактору: «Бүгүн Бекен Назаралиевди бакиевчи, трайбалист атоо менен алар өздөрү өтө коркунучтуу бөлүнүүнү баштап, эл ичине жик ташташууда»

— Мен Бекен акени 20 жылга жакын убакыттан бери жакындан билем, Кыргызстандагы чыгаан журналист, корифейлердин катарында. Чындыкты тайманбастан элге жеткизүү вазийпасында жүрүп, “Криминал”, “Ордо” “Жаңы Ордо” гезиттери акаевдик бийлик тарабынан куугунтукталып, жабылган. Андан кийин түптөгөн “Жаңы Ордо” гезитинде мен 2004-жылдан 2008-жылга чейин баяндамачы, редактордун орун басары болуп иштеп жүрдүм. Бирок, азыр туш-тараптан дуулдатып жазып жатышкандай, мен бир да жолу Бекен акенин трайбалисттик көз карашын байкаган жокмун. Ал эч качан элди акаевчи-бакиевчиге же жердигине бөлгөн эмес. Бул киши үчүн биринчи орунда чындык жана адилеттүүлүк турат. Муну бул гезиттин окурмандары да жакшы билишет. Айрым гезиттерде ушу тапта Бекен Назаралиевди трайбалист, Бакиевдин куйругу катары сыпаттаган, бири-бирине куюп койгондой окшош маалыматтар чыгып жатат. Журналисттик тилектештикти жыйыштырып коюп, өйдө жактын командасын аткарган айрым коллегаларымды түшүнөм, рынок шартында буюртма, шыбама материалдарсыз гезитти же сайтты багуу абдан оор. Бекен мырзага, ошол эле учурда мага да багытталган маалыматтык чабуулдун артында ким тургандыгын эң жакшы билем. Бирок, ошол 7-кабаттагы катчы кызды колдоп жазгандар жооп берсинчи: Толгонай Стамалиева кантип Сооронбай Жээнбековдун колуна кол, бутуна бут болуп чуркап жүрөт? Бекен Сапарбаевич да, мен дагы макалада Т. Стамалиеванын жумушуна карата сын-пикир жазганбыз. Буга албетте акыбыз бар! Чектен чыккан жерибиз жок. Бирок, жетинчи кабаттан бизди таптакыр чектен чыккан сөздөр менен ашатып, жеке адамдык беделибизди кемсинткен тексттер түшүрүлүп жатканы жалганбы? Бүгүн Бекен Назаралиевди бакиевчи, трайбалист атоо менен алар өздөрү өтө коркунучтуу бөлүнүүнү баштап, эл ичине жик ташташууда. От менен ойнобош керек! Б. Назаралиев Бакиевдин тушунда бир дагы мамлекеттик кызматта иштеген жок. А кеткенден кийин Бакиев, Акаевге барып маек алып келгени анын журналисттик духу мыкты экенинен кабар берет. Качкын ажолорду таап, маек алуу — ​журналист үчүн чоң табылга! Эми Атамбаевден алсын керек болсо! Кана, башка кимиңердин ушунчалык духуңар бар?

Даярдаган А.Калыкова

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: