Menu

Зомбулук. Садырдын акталбашында чоң сыр барбы?

Бөлүшүү:

13-июнь күнү Жогорку Соттун Кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы Садыр Жапаровдун адвокаттарынын арызын карап, негизги жана жападан жалгыз жабырлануучу деп табылган Э. Каптагаевдин жана 8 адвокаттын пикирлерин уккан соң, 3 отурумга созулган соттук процесстен кийин, кылчалык уялбай туруп, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүн өз күчүндө калтырган токтомун жарыя кылды.

Кандай болгон күндө да, соттук коллегиянын жогорудагыдай мыйзамсыз чечимге келиши бүгүнкү электрондук заманда көз ирмем өтпөй жатып, бүткүл коомго токтоосуз тарап, элдин көңүлүн иренжитпей койгон жок.

Соттук реформаны ишке ашырып, адилет коом курабыз деп, бул багытта сарпталган жүздөгөн миллиондорду ашаткан Акүй атка минерлери тергөө органдары менен кошо соттордун бирин калтырбай саясий жана укуктук киллерге айлантып алгандыгы дагы бир жолу ачыктан-ачык көрүндү.

Соттук отурум аяктаары менен Садыр Жапаровдун колдоочуларынын пикирин билүүгө кызыктык.

Эсенбек Абдрасулов,  эмгек ардагери, Талас шаары:

— Соттун бул чечимин саясий куугунтуктун улантылышы деп эсептеймин. Трансулуттук тоо-кен мафиясынын жетегинде калган Атамбаевдин эски гвардиясы Кумтөрдөн алып келген үлүшүнөн ажырап калбоо үчүн жанталашып келаткандыгы соттук коллегиянын бүгүнкү чечиминен дагы бир жолу көрүндү. Мындай мыйзамды, карапайым элдин укугун сыйлабаган сотторду кууп-таратуу керек.

Абдикарим ажы Сатыбалдиев, Кадамжай району:

— Мен мындай мыйзамсыз чечимди күткөм. Себеби, айрымдар Кумтөр маселесинин жабылуу бойдон калышы үчүн жанталашууда. Антпесе жалгыз жабырлануучу деп табылган Каптагаевдин көрсөтмөлөрүнөн жана 8 адвокаттын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин сот актаган гана чечимди чыгарууга тийиш эле.

Абида Ахматжанова, эмгек ардагери, Кочкор-Ата шаарчасы:

— Кыргыз бийлиги өзүнүн зомбулугунун куралына айланган сотторду пайдалануу менен 15 айдан бери Садыр Жапаровдун гана эмес, бүтүндөй мекенчил инсандардын укугун тебелеп келүүдө. Акыйкат көз көрүнө ашкере болуп турса да, соттук коллегия кайсыл бир акчалуу күчтөрдүн буйругун аткарып жаткандай. Калыстык болгондо Садыр Нургожоевич токтоосуз, сот залынан бошотулууга тийиш эле.

Атын атагысы келбеген Россиядан келген жигит:

— Жогорку Сот адвокаттардын арызын караардан бир жума мурда Канаданын “Центерра” тоо-кен компаниясынын директорунун экономика бонча орун басары Питер Скот деген миллионер бийликтеги кээ бир адамдар менен сүйлөшүп кеткендиги Садыр Жапаровго карата чыгарылган соттук коллегиянын токтомуна таасир кылды деп ойлоймун. Кыргыздар Садыр Жапаровго окшогон азаматтарын коргой албаса, мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, тозуп жок болот. Эл бирикпесе болбой калды.Бөлүнгөндү бөрү жейт болгону калды окшойт…

Шарабидин Токтосунов, адвокат:

— Тергөө жана сот органдары тарабынан адам укугун бузуунун учурлары азбы-көппү, дайыма эле болуп келген. Бирок, эч качан мынчалык массалык жана таш боордук жана буюртма мүнөздө болгон эмес. Бул айткандарыма соттук коллегиянын бүгүнкү токтому да далил болду.

— Шарабидин мырза, эми бир гана эл аралык Гаага сотуна арыз берүү мүмкүнчүлүгү калды окшойт. Дегеле акыйкаттыктан үмүтүңүз барбы?

— Эл аралык сотко даттануудан мурда жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра эле өзүбүздүн сотко даттанууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Садыр Жапаровдун күнөөсүз экендигине бүткүл Кыргызстан эли ишенет. Анын акталып чыгышынан үмүтүбүз чоң.

— Эмки даттанууңар качан берилет?

— Жакынкы күндөрдө… Айт өтсүн…

…Биринчи Май райондук жана Бишкек сотторунун өкүмдөрүн күчүндө калтыргандыгы тууралуу кабарды угушкан эски аянтта адилеттик чечим күтүп турушкан аялдар гана эмес, эркектер да көздөрүнө жаш алышып, бийликти жана сотторду ашата сөгүштү жана тозоктун отуна батыра каргашты.

Элдин мындай “алкоосуна” ээ болгон сот бийлиги кимди жарытат болду экен?

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: