Menu

Улукбек Ормонов, “Ак жол” фракциясынын 2010-жылдагы лидери: «Алмаз Атамбаев мени 2012-жылы эки жолу чакырып, кызмат сунуш кылган, мен Өкмөттө иштей албайм деп так жообумду бергем”

Бөлүшүү:

-Улукбек Зулпукарович, сиз “Дастан” заводунда көп жыл иштеп, жетекчи да болгонсуз. Азыр ал заводдун мурунку директору, Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимов учурунда завод өндүргөн продукция арзан баада сатылып, мамлекетке зыян алып келгени боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. “Дастан” заводу чыгарган продукция сиз жетектеп турган учурда кандай жол менен сатылчу?

— Конкреттүү түрдө кылмыш иши ошол кездеги жетекчи Албек Ибраимовго карата козголгон жок. Ушуну так айтып коёлу. “Дастан” заводу аскердик курал чыгарат. Бул жерде бир прибор тууралуу сөз болуп жатат. Ал прибор “Дастан” заводунун астындагы “Дастан Инжиниринг” компаниясы аркылуу баасы жогорулатып сатылган экен. Эгер бул иш тергөө учурунда тактала турган болсо күнөөлүүлөр ким экенине карабай сөзсүз жооп бериши керек. Бул маалымат каражаттарынан гана алган маалыматтарыбыз. Өзүм бул тууралуу документти көргөнүм жок. Мен “Дастан” заводунда 20 жылдан ашуун эмгектендим. Ошондуктан, ал жерде мындай иштер болоруна ишенбей турам. Мындай болушу мүмкүн эмес. Түшкө кирбей турган жорук.

— “Дастанды” жетектеп турганыңызда эле “Дастан Инжиниринг” компаниясы бар беле?

— Ооба, ал компания бар болчу. “Дастан Инжиниринг” заводго жаңы буйрутмаларды тартып келсе деген жакшы ой менен түзүлгөн. Аталган компаниянын түзүлүшүнөн эч кандай күмөндүү жагдайларды көргөн эмесмин.

— Заводдун продукциялары дайым эле ушул компания аркылуу сатылып келингенби?

— Дайым эле эмес. Бул компания аркылуу өздөрү таап келген буйрутмаларды гана өткөрчү. Заводдун толук продукциялары “Дастан Инжиниринг” аркылуу сатылат деген чындыкка дал келбей калат.

— Мурунку президент жаңы хансарайын салган Кой-Таштагы жер “Дастан” заводуна таандык болгон деп айтылган жердин тарыхы тууралуу билесизби?

— Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланганымдан соң “Дастан” заводунун жетекчилик кызматынан кеткемин. 2007-жылы парламент тарап кеткенден кийин кайра “Дастан” заводуна барып, 2 ай иштегенмин. Кийин кайрадан депутат болуп шайланып келдим. Бул мен жетекчилик кызматтан кеткенден кийин болгон иштер. Ал иштердин ийне-жибине чейин так айта албайм.

— Кой-Таштагы жер “Дастан” заводуна таандык болгонун билесиз да?

— Чындыгында, 2007-жылы заводдун Кой-Таштагы жери бар болчу. 2007-жылдан кийин ал жер кантип жеке компанияга өтүп кеткени тууралуу менде документтер жок. Бирок, жер “Дастан” заводунуку болгону чындык.

— Өткөн жума парламентте жолдорду талкалап жаткан оор жүк ташуучу унаалар жөнүндө мыйзам каралып, бул маселеде айрым депутаттардын кызыкчылыгы жогору болуп кеткени ачык эле байкалды. Жаңы салынган жолдордун талкаланышы, жол салгандар тез эле олигарх болуп чыга келгени көп суроолорду жаратты. Бул боюнча сиз кандай позицияны кармандыңыз?

— Түндүк менен түштүктү бириктерген авто унаа жолу стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан, эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин биринчилерден болуп ушул жолду оңдоо башталган. Таш-Көмүр шаары менен Кара-Көл шаарынын ортосундагы жол биринчи болуп жасалып, аны Түштүк Кореянын фирмасы аткарган. Ал жол ушул күнгө чейин бузулбай, сапатын жоготпой келет. Бул иш башталганда жолдун сапатына жакшы көңүл бурулганын билдирет. Кийин коңшу Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болбой, темир жол каттамы жабылган соң, оор жүк ташуучу авто унаалар ошол жол менен каттап, жолдордун бузулушуна себепкер болду. Өткөн жума оор жүк ташыган техникалар нормадан ашык салмак алган болсо айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоого ээ болбой калды. Чындыгында, бул аябай таң каларлык болду. Парламент депуттары жолдун абалын айтып элге күйгөн болобуз дагы, мыйзам долбоору келгенде жеке кызыкчылык басымдуулук кылып, ал мыйзамга каршы үгүттөгөн депутаттар чыгып, 54 добуш менен мыйзам долбоору парламенттен өтпөй калды. Коңшу өлкөлөрдө дагы оор жүк ташыган авто унааларга айып пул салынган. Бул мыйзам долбоору да коңшуларга шайкеш келтирүү болчу. Муну ошол тармакта бизнеси бар эл өкүлдөрү каршы добуш берип, өткөрбөй коюшту.

— Белгиленген салмактан ашык жүк алган авто унаалар таразага барганда 5 миң сомго чейин пара берип, өтүп кете турганы айтылып келе жатпайбы. Бир эле күндө канчалаган оор жүк ташыган техникалар өтөт. Алардан алынчу айып пул казынага түшпөй, “тараза мафиясынын” чөнтөгүнө түшүп жатат. Бул “мафияны” сындырууга эч кимдин кудурети жетпейби?

— Бул тууралуу депутаттар да маселе көтөрүп келет. Жакында тармактык комитет ошол департаменттин аткарган иштери боюнча толук отчётун алабыз. Бул тармакта коррупциялык схеманын көптүгүн ишкерлер, жүк ташыган айдоочулар айтып жатышат. Кээ бир авто унаалар таразага кирбей жолун уланта беришет экен. Муну жакшыртуунун бир гана жолу электрондук таразага өтүп, адам факторун азайтуу керек. Министрлик Сосновкадагы постко электрондук тараза коюу ушул жылы бүттү деп маалымат берди. Аны да жерине барганда көрөбүз. Биз белгиленген нормадан оор жүк алгандарды айып пул салуу менен гана чектелип калбай, посттон өткөрбөй коюуну да карашыбыз зарыл. Алардан айып пулду алып коё бергенибиз менен оор жүк тарткан авто унаалар миллиондорго салынып жаткан жолдорду талкалап жатпайбы. Таразада кандидаттыкты жактаган билимдүү балдар олтурат деген сөздөр айтылды. Андай билимдүү балдар айлыкка иштебесе керек деген күмөндүү ойлор да ошон үчүн жаралып жатат да. Тармактык комитетте бул маселени караганыбыздан кийин парламенттин жалпы жыйынына сөзсүз алып чыгабыз.

— “Тараза мафиясынын” калкалоочулары жетинчи кабатта олтурушат деп айтылат. Жетинчи кабатта олтургандар жөн эле бекер жеминен айрылгысы келбесе керек?

— Мурун бир нерсе болсо жогор жактан телефон чалып эле оңдоп койсо болот болчу. Ошондуктан электрондук таразага өтүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо телефон чалгандардын таасири кескин түрдө азаят.

— Сиз 2007-жылы депутат болуп шайланганыңызда “Ак жол” фракциясынын лидери болдуңуз. 2010-жылдагы кандуу бийлик алмашуудан кийин “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү дүңүнөн партияны таштай качышкан. Азыр да мурунку президенттин башына оор күн түшкөндө КСДП партиясынын мүчөсү болгондор партиясын таштап кетүүдө. КСДП да “Ак жолдун” чапанын кийип калышы мүмкүнбү?

— Эки партиянын иштеген ишин, интеллектуалдык деңгээлин салыштырып кароо туура эмес. 2010-жылы кандай окуя болгонун баарыбыз жакшы билебиз. 87 бала каза болду деп сот жүргөнү менен ал балдар кандай каза болгону тууралуу талаш-тартыш бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Башкы прокурор болгон Кубатбек Байболов аянтта 17 бала каза болгон деп айтып жүрөт. Андай болсо 70 бала кайдан каза болгон? Бул окуя боюнча бүгүн деле суроолор көп. Бирок, ошол мезгилдеги бийликтин партиясынан шайланып келген “Ак жолдун” депутаттарында моралдык жоопкерчилик болгон. Бүгүнкү болуп жаткан окуялар такыр башкача. Мыйзамдуу түрдө шайлоо жолу менен бийлик алмашты. Башкаруучу болгон партиянын өкүлү президент болду. Жаңы шайланган президент өзүнүн партиялаштарынын жеп-ичкенин жаап-жашырбай, аларды жоопко тарта баштаганда бөлүнүп-жарылуу жүрүп жатат. Мындан кийин КСДПнын чыныгы мүчөсү кимдер экени, кимдер бийлик, кызмат үчүн кошулганы ачык аныкталат.

– 2010-жылы каза болгон балдардын сөөгүн жерге берип жатканда, Атамбаев баш болуп таза иштейбиз деп ант беришпеди беле. Азыр Бишкек ЖЭБдин тегерегинде ал кишинин аты, айланасындагы адамдар мынча акча алып койгон экен деп эл арасында айтылып жатат. Эгер айтылган сөздөр тактала турган болсо, Атамбаевдин тагдыры кандай болот?

— Калк айтса калп айтпайт деген сөз бар. Эгерде айтылган сөздөр далилдене турган болсо, ар бир киши кылган кыянаттыгына жараша жооп бериши керек. Азыр эле ушул киши жооп бериши керек деп үстүртөн тон бычкан туура эмес. Тергөө амалдары аяктап, экс-президент же азыр парламент депутаты болуп иштеп жаткан адамдардын аттары атала турган болсо, анын кызматтык абалына карабай жазага тартылышы зарыл. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында мындай алдым-жуттум болгон эмес. Жакында эле апрель революциясынын эң активдүү катышуучусу, ошол күнү аянтта желек көтөрүп жүргөн Кайып Шер менен жолугуп калып “Кандай ойдо калдыңар?” деп суроо берсем, “Биз бул үчүн бийлик алмаштырган эмеспиз. Жаңы бийлик эл үчүн иштейт дегенбиз” деп башын чайкайт.

— Ушундай коррупциялык схемалардын өрчүшүнө макулдук берип, кнопка басып, колдоп келген КСДП депутаттарынын моралдык жоопкерчилиги барбы?

— Моралдык жоопкерчилик ар бир адамдын өзүнүн абийирине жараша болот. 2010-жылдан кийин бийликтин партиясы болуп, бийликтин туура эмес чечимдерин колдоп келдим эле, көрсө мен адашкан экенмин деп моралдык жоопкерчиликти ала билүү жигиттик кадамы болот. Депутаттарды күнөөлөгөн туура эмес. Алар Өкмөт таза иштейт деп колдоп берет. Эгерде жеп-ичкенин билип туруп, аны жашырып колдосо моралдык жоопкерчилик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.

— Мурунку президенттин учурунда үн чыгарууга кудурети жетпеген парламент, эски менен жаңы президенттин тиреши башталганда депутаттарга тил бүтүп, мурунку шефине акаарат айтып башташты. Парламенттин жаратылышы эки жүздүүлүкпү?

— Парламенттин ишмердүүлүгүнө бааны эл бериши керек. Бул партиялык парламенттин кемчилиги экенин далилдеди. Үчүнчү чакырылышта 75 округдан шайланып келген депутаттар, өздөрүнүн округуна барып, шайлоочуларынын алдында жооп берчү. Эл дагы “Биз сени депутат кылып шайлаганбыз, сен бизге келип жооп беришиң керек” деп сурай алчу. Партиялык шайлоо деп ошондой системаны жоготуп алдык. Эл кимди шайлаганын билбей калууда.

— Бай адамдар тизмедеги “золотой” деген орунду сатып алышып, элге барбай эле анын ордуна акчасы чуркап калды дегенге макул окшойсуз?

— Муну кантип жашырабыз? Эл баарын билип, көрүп турбайбы. Мен өзүм үч жолу парламенттик шайлоого катыштым. 2015-жылдагыдай акча иштеген шайлоону көргөн эмесмин. Эл дагы тыйын менен эсептешип калды. “Сен жакшы жигитсиң. Бирок, сенин партияң шайлоодо жеңишке жетерин ким билет? Бул партия акча берип жатат, сөз берип койдук эле” деп ачык эле айтышат.

— Сиз да 2015-жылдагы шайлоодо партияга акча берип тизмеге кирдиңизби?

— Мен партияга акча берген жокмун. “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун чакыруусунан кийин өзүбүздүн командабыз менен келип кошулганбыз. “Бир болдун” программасын, идеясын колдоп, азыр депутат болуп иштеп атам.

– 2007-жылы “Ак жол” партиясы менен шайлоого барганыңызда “Дастан” заводундагы акцияңызды Максим Бакиевге белек кылып тизмеге кирген деп айтышат. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?

— Геббельстин “Калп канчалык күчтүү болсо эл ошого ишенет” деп айткан сөзү бар. Бул айтылган сөз да ошондой. 2007-жылы бир округдан шайланып келген үчүнчү чакырылыш таркагандан кийин “Дастан” заводунун директорлор кеңеши ишеним көрсөтүп, жетекчи кылып шайлашкандан соң кайрадан парламенттик шайлоого катышкым келген эмес. “Ак жол” партиясынын тизмесинде алдыңкы орунда болуу үчүн жулунбагам дагы. Кырк алтынчы тизмеде болчумун. Бир мандаттуу округдан шайланып келген депутат катары өздөрү чакырышкан. Шайлоодо “Ак жол” көп орун алат деп ойлобогом. Шайлоого катышып, кайра эле заводдогу жетекчилик кызматымды уланта берем деп ойлогом. Шайлоо бүтүп, “Ак жол” 71 мандатка ээ болгондон кийин деле каалоочулар болсо депутаттык мандатымды тапшырып, өзүм 20 жылдан ашык убакыт иштеген өндүрүшкө кайтып кетем дегем. Бирок, партия жетекчилигинен парламентте иштеп берсең деген сунуш түшкөндөн кийин гана макул болгом. Сен берген суроону 2010-жылы тергөөчүлөр дагы беришкен. Мен заводдогу акциямды Максимге өткөрүп берген эмесмин. 2006-жылдан баштап заводдун акциясына кызыккандар көбөйө баштаган дагы, заводдун акциясынын баасы кескин көтөрүлгөн. 2007-жылдын 26-декабрь күнү юридикалык эки фирмага рынок баасында акциямды саткам.

– 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин жаңы бийликтин адамдары “Ак жолдун” бизнесмен, тыйындуу депутаттарын чакырып, бизнесинен “доляга” олтурганы, тыйын алганы айтылган. Сизге дагы сүйлөшүү боюнча “элчилер” келгенби?

— Мени эч ким сүйлөшүүгө чакырган эмес.

— Кесиптештериңизди сүйлөшүүгө чакырганын уккансызбы?

— Ооба, колунда тыйыны, бизнеси бар депутаттарды чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөнүн уккам.

— Сиз “Бир болго” өзүбүздүн командабыз менен келип кошулганбыз деп айттыңыз. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ошол команда толугу менен Сооронбай Жээнбековду колдодубу же бөлүнүп алып иш кылдыңарбы?

— “Бир бол” партиясы, парламенттеги фракциясы да Сооронбай Шариповичти колдоду. Мен башта мурунку кесиптешим, бирге чогуу окуган досум Ахматбек Келдибековду колдойм деп айткам. Ахматбектин БШКдан талапкерлиги өтпөй калгыча командабыз менен бирге эч ким колдобой турганбыз. Досумдун талапкерлигин БШК өткөрбөй койгондон кийин Сооронбай Шариповичти колдодук.

— Сооронбай Шарипович өзү чакырып, колдоп берүүңүздөрдү сурандыбы?

— Ахматбектин талапкерлигин өткөрбөй коюшкандан кийин командабыз менен чогулуп сүйлөшүп, талапкерлердин арасынан Сооронбай Шариповичти колдоону чечкенбиз. Бизди кимдир бирөө чакырып суранган эмес. Бирок, ага чейин сүйлөшүү болгон. Ошондо эле Келдибековдун талапкерлиги каттоодон өтпөй кала турган болсо колдоп берем деп айткам.

— Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо боюнча пикириңизди айтканыңызда сиз менен пикирлеш болуп жүргөндөрдүн реакциясы кандай болду?

— Келдибеков, Мадумаров, Ташиев, Төрөбаев төртөө биригип, бир талапкерди колдойбуз дегенде жакшы команда түзүлүп жатат деп ойлогом. Эгерде бул төртөө бөлүнбөй, бир күч менен кеткенде шайлоодо кызык шарт пайда болот болчу. Булар бир талапкерге токтоло албай турган мезгилде, Сооронбай Шариповичти колдой турганымды ачык айткам. Камчыбек Ташиев да ошол жерде Сооронбай Жээнбековду колдой турган чечимге келгенин айтты.

— Азыркы президентти колдоп жаткан мезгилиңизде, бул киши мурунку президенттин командасына каршы тура алат, чечкиндүүлүктү көрсөтөт деген ишеним болгонбу? Же Жээнбековдун бүгүнкү чечкиндүүлүгү сиз үчүн да күтүүсүз болдубу?

— Өзгөндө эл менен жолугушуу болгон кезде талапкерлердин арасынан тазалыгы, тажрыйбасы жагынан, элге жакындыгы боюнча, ыйман тарабынан алдыга чыгып турат деп өзүмдүн пикиримди билдиргем. Элибиз ыймандуу жетекчиге, акыйкат башчыга муктаж, Сооронбай Шарипович ошондой президент боло алат дегем. Себеби, ал кишинин чечкиндүүлүгү боюнча окуяга өзүм күбө болгом. 2007-жылы парламентти таркаткандан кийин Ак үйдүн батыш залында ошол кездеги президенттик администрация башчысы раматылык Медет Садыркулов Ош облусунун төбөсү көрүнүп калган, элге сөзү өткөн кадыр-барктуу адамдарын чакырып жыйын өткөргөн. Жыйындын негизги максаты шайлоодо “Ак жол” партиясын колдоп берүү болгон. 50–60 кишинин арасынан жалгыз гана Сооронбай Шарипович ордунан туруп “Жок, мен “Ак жолду” колдой албайм. Мен КСДПнын мүчөсүмүн. Атамбаев менин досум болот” деп айткан. Ошол кезде Сооронбай Шарипович Айыл чарба министри эле. Залда олтургандар үчүн анын айтканы күтүүсүз болгон. Медет Садыркулов “Сен партиянын мүчөсү болсоң, мен өзүмдүн “Менин өлкөм” деген партиямды таштап, президенттин партиясын колдоп жатам” деп айтканда, Сооронбай Шарипович “Мен Курманбек Салиевич менен бул темада өзүм сүйлөшөм” деген. Ал бийликтин басымына карабай досун таштап кетпей турганын тайманбай тике карап айткан жалгыз киши болгон. Чечкиндүү экенин азыр да көрсөтүп жатат.

— Камакка алынган мурунку премьер-министр С. Исаков, Бажы кызматынын мурунку башчысы К. Кулматов, өзүңүздүн кесиптешиңиз депутат О. Артыкбаевдин күнөөсү далилденип, иштин баары экс-президентке барып такала турган болсо, депутаттар анын кол тийбестигин алууга кудурети жетеби?

— Кылмыш иши далилдене турган болсо, экс-президенттин кол тийбестигин алууга парламенттин духу, кудурети жетет деп ойлойм. Тергөө кандай жүрөт, далилдөө туура болобу ошого байланыштуу болот. Атайлап жалган-жалааны жабуудан алыс болушубуз керек. Экс-президентке каршы көрсөтмө берген адамдар толук түрдө айткандарын мойнуна коюп бере турган болсо, кол тийбестикти алууда парламент өз эркин көрсөтөт.

— Түштүк Кореянын мурунку президентин курбусуна кредит боюнча жардам берип койгону үчүн кызматтан алып соттоп жиберишти. Бизде болсо карызга алынган акчалар максаттуу пайдаланылбай уурдалып кетип жатпайбы?

— Кечээ эле “Чыгышэлектрого” Европа банкынан насыя жана грант алуу боюнча долбоорду карадык. 4 млн доллар насыя, 2 млн доллар грант. 6 млн доллардын 3 млн 300 миң доллары электрондук эсептегичтерди сатып алганга кетет экен. Буга чейинки тендерлерде өзүбүздүн компаниялар утканбы? –деп суроо берсем, жок, утпаптыр. Өзүбүздүн өндүрүштөн алынсын деген чечим болбосо бул долбоорду колдобойм деп айттым. Дагы бир кызыктуу жагдайы, электрондук эсептегичти сатып алуу үчүн консултанттарга 1 млн доллар керек экен. 1 млн долларга ушул эсептегичти сатып алгыла деп кеңеш береби? Ушундай келечеги жок келишимдерден баш тартууну да үйрөнүшүбүз керек.

— Сиз 2010-жылдан мамлекеттик ишке барбай, саясатка көп аралашпай жүрдүңүз. Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев сизди чакырган учурлар болгонбу?

— Чакырган, экөөбүз сүйлөшкөнбүз.

— Канча ирет жолугуп сүйлөшкөнсүз?

— Эки жолу кирип чыккам.

— Жолугушууда чогуу иштөө боюнча сунуш айтылганбы?

— 2012-жылы Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүндө олтуруп сүйлөшкөнбүз. Бирге кызматташып, иштөөгө чакырганы чындык.

— Кызмат сунуш кылганбы?

— Кызмат сунуш кылынган. Мен Өкмөткө барып иштей албайм деп так жообумду бергем.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: