Menu

Кремль Атамбаевдин үй бүлөсү эл аралык мафияга тийиштүү деп эсептейби?

Бөлүшүү:

Россиянын эң белгилүү “Незыгарь” аттуу саясий маалымат булагы телеграмм каналында өтө кызыктуу билдирүү жарыялады.

Бул «телеграмм» каналы аркылуу Кремлдин эң жогорку аппарат кызматкерлери ички жана сырткы саясат боюнча жашыруун маалымат менен бөлүшүп, акыркы бир жылдын ичинде гезит жана телеканалдардан дагы таасири күчтүү органга айланганын баарыбыз жакшы билебиз. Россияда гана эмес, жалпы КМШ боюнча 157 миң окурманы бар (алардын арасында көпчүлүгү бийлик органдарында иштегендер, саясатчылар, аналитиктер, бизнесмендер жана журналисттер) эң сапаттуу жана ишенимдүү маалымат булагы болуп эсептелет. Кыргызстандагы акыркы чуулгандуу окуяларды (Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовдордун камалышын) бул канал “чистка” деп атап, бул процессти Дагестандын элитасын коррупцияга малынган элементтерден тазалоо боюнча өткөзүлүп жаткан Москванын атайын операциясына теңеди. Көрсө, жергиликтүү күч органдарынын жана саясатчылардын кабарынан сырткары эле, Россия жана Батыш атайын кызматтары Атамбаевдин үй-бүлөсүнө каршы кампания экен. Акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк наркомафиянын жана кылмыштуу топтордун акчасын адалдоо борборуна айланыптыр. Ай сайын накталай 20–30 миллиард долларга чейин обороттор Кыргызстан банктары жана аэропорт аркылуу өтөт экен. Мынча эбегейсиз көлөмдөгү акчалар Бишкекке атайын самолёттор менен кыргыз дипломаттардын жана Атамбаевдин уулдарынын коштоосунда алып келинип турганы шардана кылынды. Керек болсо, буга Россиянын мамлекеттик авиаотряддын дагы катышуусу аныкталганын, бул боюнча бир канча жетекчи жана пилот камакка алыныптыр. Москвада россиялык банкир Владимир Антонов, казак Жомарт Ертаев да жакында камалып, тергөө органдарына кызыктуу маалыматтарды берип аткандары боюнча да айтылыптыр. Бул маалыматты Кремлдин ишенимдүү булагы Жээнбековдун Москвадагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына барар күнү жарыялашын, серепчилер Владимир Путин Жээнбековдун акыркы кадамдарын 100 пайыз колдоого аларын жана аны менен макулдашылганынын белгиси катары баалап атышат. Ошол үчүн Сапар Исаков эмес, эртең Алмазбек Атамбаев дагы камалып калса, Москва болушпай турганын билип кой, кыргыз!

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: