Menu

Жер мафиясы Австралияда кой багып жүргөн Калматовдун, Сахалинде “Боец” траулеринде балык тазалап жүргөн Козуевдин атына жер участокторун бөлүп, сатып жиберүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жетекчилиги жар салган “эгемендүүлүккө” жетишкен соңку 27 жылдын ичинде адам укугу кылмыштуу бийлик менен уюшкан кылмыштуулуктун биргелешкен саясатынын туткунунда калгандыгын эч ким жокко чыгара албастыр. Эл чарбасынын бардык тармактары боюнча мыйзамсыздык өкүм сүрүп, коом жарылганы калгандай. Айрыкча буга жарандарыбыздын конституциялык укуктарын уюшкан кылмышкерлер тобуна караганда да анын жетегинде калган бийлик тарабынан көз көрүнөө тебеленип-тепселиши, бийликтин бардык тармактарында иштеген лөктөр тарабынан “жер реформасына” байланышкан он миңдеген мыйзам бузуулар себеп болмокчу.

“Жер реформасына” байланышкан бийлик жана укук коргоо, сот органдарынын өкүлдөрү тарабынан күн-түн дебей жасалып жаткан сан-эсепсиз кылмыштар өлкөнүн бардык райондорун каптап, эпидемиялык, өнөкөт мүнөзгө айланды. Бул бийлик өзү ойлоп таап, коомго жиберген “жер реформасы” деп аталган эпидемия Түндүктүн Аламүдүн, Сокулук жана Түштүктүн Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда айрыкча терең тамырлагандыгы талашсыз. Эгер бул жаатта булганган кыргыз бийлиги чемпионат өткөрсө: Кара-Суу району 1-орунду, Өзгөн 2-орунду ээлеп, Аламүдүн менен Сокулук 3-орунду талашып жатып калгыдай.

Кара-Суу демекчи, Папан айыл аймагындагы коррупционерлер 5 жылдан бери алыскы Австралияда кулчулукта кой багып жүргөн Калматовдун атына, Сахалинде катталган, 6 ай бою жээкке келбей, балык уулаган “Боец” траулеринде балык тазалап жүргөн Козуевдин атына жер участогун бөлүү жөнүндө чечим чыгарышып, ал жерлер байларга сатылып жиберлигендиги прокуратура органдарына эчак кайра-кайра билдирилгендигине карабастан, бул жаатта мыйзам эмес, коррупционерлердин таасири үстөмдүк кылып келүүдө. Муну жана ушуга окшогон жүздөгөн кылмыштарды Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев 4–5 жылдан бери беш колундай билип туруп, жер саткан байлардан коркобу же алардын алдында көз каранды акыбалга түшүп калганбы, айтор, сөзсүз чара көрөбүз деп кайра-кайра какшаганы менен, жер тиктеп отуруп калгандыгын кантип түшүнүүгө болот?!

Азыркы кезде аталган жааттагы кылмыштардын массалуулугу боюнча Өзгөн району алдыга чыккан учур. Бул боюнча райондун айыл аймактарында орун алган көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Ошолордун бири болгон Баш-Дөбө айыл аймагынын аткаминерлери тарабынан жол коюлуп келаткан ондогон кылмыштар өзгөчө көңүл бурууга арзыса да, укук коргоо органдары тарабынан көз жаздымда калтырылууда.

Мисалы, Баш-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ысакбай Өзгөнбаев аймактагы айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги 20 гектар сугат жерди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма токтомдорду токуу менен 284 кишиге 5 сотыктан бөлүп жиберген.

Тактап айтканда, 2013-жылдын 19-июндагы № 62 сандуу токтом (жер контурунун № 612, 613, өлчөмү 6 гектар) менен: Лутфуллажон, Абдуллох, Иномжон, Мухаббот, Одинахон, Халимахон, Шухратилло жана башка Өзгөн шаарынын тургундары болуп эсептелген, айыл жерине эч бир тиешеси жок 85 кишиге жер аянттары мыйзамсыз бөлүнгөн. Иш жүзүнө келгенде бул токтом жасалма болуп, ал номердеги токтомдун чыныгы мааниси: Кашка-Терек айлынын тургуну П. Акматалиевага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө болгон.

Ал эми 2013-жылдын 27-июнда чыгарылган №64-сандуу токтом (жер контурунун № 573, өлчөмү 8 гектар) боюнча Өзгөн шаарынын тургундары болуп эсептелген, Баш-Дөбө аймагына эч кандай тиешеси жок: Бахрамжон, Мохидилхон, Ранохон, Мухаммадилло сыяктуу 124 кишиге трансформация кылынбай туруп, мыйзамсыз жер аянттары берилген. Иш жүзүндө каттоо журналы боюнча алып караганда 64 сандуу токтомдун мааниси: И. Төрөбекованы “Баатыр Эне” орденине сунуш берүү болгон.

2015-жылдын 15-июлунда чыгарылган аймактын №69-токтомунда (жер контурунун № 539, 540, 5,5 гектар) калктуу конуштардын жерлерин сугат аянттарынын эсебинен көбөйтүп көрсөтүү менен трансформация жасалбастан туруп, Баш-Дөбөгө эч кандай тиешеси жок Өзгөн шаарынын: Мияссорхон, Миролимжон, Дилфузахон, Исмоилжон дегендерден турган Өзгөн шаарынын 73 жашоочусуна мыйзамсыз жер аянттары бөлүнгөн.

Мындан тышкары 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 56-токтому (жер контуру № 573, 1,2 гектар) боюнча Гиесжон, Хайтивой, Халимахон, Кобилжон дегендерден турган Өзгөн шаарынын 20 тургунуна жер “тартуулаган” бул документ өзгөчө айлакерлик менен жасалгандыгын белгилөөгө болот. Анын мазмуну төмөнкүдөй: айыл аймагынын жогоруда көрсөтүлгөн токтомунда аталган жер тилкеси айыл чарба багытында пайдаланылбаган жер аянттары катары көрсөтүлгөн. Ал эми Өзгөн райондук Мамкаттоодон алынган маалымат боюнча № 573-контурдагы бул жер бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба багытындагы категорияда турат деп көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардан тышкары Баш-Дөбө айыл аймагынын 2016-жылдын 27-декабрындагы 83-токтомунун негизинде № 911-контурдан элге тиешелүү болгон кайрак үлүш жеринен Кош-Коргон айлынын 20 тургунуна турак-жай курууга мыйзамсыз жер аянттары берилген.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе — ​Өзгөн райондук мамкаттоо кызматы тарабынан 2017-жылдын 15-июнундагы 293 сандуу чыгыш каты аркылуу Кыргыз өкмөтүнө жогорудагы аталган контурлардын баары калктуу конуш аянттары деп, туура эмес билдирилген. Бул шектүү катка далдалчы катын Усманова Жамилохондун бир тууган агасы, Мамкаттоонун кызматкери Усмонов Ысакжондун колу коюлган. Ага карабастан, бул нерсе Өзгөн-Мамкаттоо кызматы Кара-Кулжа райондор аралык экотехинспекцияга берген каты боюнча ушул эле контурлар бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба багытындагы жерлер деп билдирилгендигин кантип түшүнүүгө болот?

Баш-Дөбө айыл аймагынын жогорудагы мыйзамсыз токтомдорун Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 111 сандуу токтому менен бекитип берген. 2017-жылдын 24-февралындагы Өзгөн райондук прокурорунун келтирген протестинен улам 2017-жылдын 28-февралында райаким өз буйругу менен жогорудагы токтомун өзү жокко чыгарууга мажбур болуп отурат. Бирок, акимдин бул буйругу ишке ашпай, кагаз жүзүндө калганын прокуратура билсе да, аны аягына чейин көзөмөл кылбай, кылмышкерлерге чара көрө албай, маселени кайра көтөрүүдөн коркуп тургандай…

Мындан улам жерди мыйзамсыз алгандыктарына карабастан, Өзгөн шаарынын тургундары — ​бир туугандар Кобилжон жана Равшанбек Собировдор акимдин 2017-жылдын 28-февралындагы буйругун жокко чыгаруу жөнүндө Ош облустук райондор аралык сотко (төрагалык кылган Досалиев А.) арыз берет. Судья тийиштүү адистер менен кеңешип, арызды ар тараптуу карап чыгуунун ордуна, прокурордун протести бар экендигине карабастан, жердин өзү трансформацияланбагандыгын, мыйзамсыз токтомдордун негизинде бөлүнгөндүгүн эске албастан, акчалуу Собировдордун пайдасына чечим чыгара салган. Натыйжада, Баш-Дөбө айыл аймагында трансформация болбой, мыйзамсыз берилген 20 гектердан ашуун айыл чарба багытындагы айдоо, сугат жерлерге жерге эл кум-шагыл, таш төгүп, аң казып, курулуш иштерин баштап жиберген.

Ушул күнгө чейин жогорудагы трансформацияланбаган айыл чарба багытындагы сугат жана кайрак үлүш жерлери мыйзамды одоно түрдө бузуу менен берген аймак башчысы Өзгөнбаев Ысакбай жана райондук Мамкаттоо кызматкерлери боюнча райондук прокуратура тарабынан бир нече жолу текшерилгендигине карабастан, юридикалык баа берилбей келүүдө. Сыягы прокуратура органдары келтирген протесттеринин аткарылышын жетишээрлик көзөмөлдөбөйт же аны акчалуу немелер көзөмөлдөтө койбой жатат сыягы.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер, башкача айтканда, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 20 гектар сугат жери жана Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу элдин 1 гектардан ашык кайрак үлүш жер категориялары эч кандай трансформация кылынбастан, жасалма токтомдор менен Өзгөн шаарынын жана Кош-Коргон айылынын 300дөн ашуун тургундарына жер участогу катары берилип кеткен. Бул фактылар боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан текшерилип, иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу материал өндүрүштөн кыскартылган имиш. Мөөнөтү кантип өтөт, жогорудагы кылмыштар 2017-жылы жасалып жатса?.. Ушундай иштер менен экс-депутат Карганбек Самаков узак мөөнөткө эркинен ажыратылат да, эмне үчүн мыйзам урматтуу жана акчалуу Ысакбай Өзгөнбаевге келгенде иштин мөөнөтү эскире калат, урматтуу прокурор?!

Айтылган кылмыштуу аракеттерди ишке ашырууда мыйзамсыз жер алуучулар менен Ысакбайдын ортосундагы далдалчылар Усмонова Жамилохон, Аскаров Аззамжон жана Нишонов Муталибжон аттуулар жер алгандардан ири өлчөмдө акча чогултушкан. Бул жерде белгилей кете турган жагдай — ​Муталибжонго 2011–2013-жылдары ушундай эле жер участокторун мыйзамсыз берүү боюнча ортомчулук иштери тууралуу кылмыш иши козголуп, бир нече жыл издөөдө жүргөн. Тагдырдын буйругубу, айтор М. Нишонов Баш-Дөбөдөгү жер махинациясы башталаарда эч бир прокурордон коркпой-үркпөй эле, алакандары кычышып, кайрадан Ысакбай Өзгөнбаевдин жанында пайда болуп отурат.

Ушул фактылар боюнча прокуратура органдары жогорудагы мыйзамсыз токтомдорду сот аркылуу жокко чыгарып, мыйзамсыз жер алгандардан жерлерди кайра алып коюшса, жүздөгөн алданып, мыйзамсыз жер алгандар эки жанажон дос Ысакбай Өзгөнбаев менен Муталибжонго жана Аззамжон менен Жамилохонго катуу доо коюп, арыз жазышаары талашсыз.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай — ​2009–2010-жылдары Ысакбай Өзгөнбаевдин доорунда ошол эле Кашка-Терек айлынын жашоочулары үчүн Кара-Дарыядан 1 чакырым аралыктагы адырга суу чыгаруу үчүн насостук станция курулуп, республикалык бюджеттен 3,8 миллион сом бөлүнүп, бүгүнкүгө чейин адырга, жамгырды эске албаганда, бир тамчы да суу жеткен эмес.

Бул коррупциялык көйгөй менен УКМКанын антикоррупциялык кызматы эле алектенип, тартипке чакыра албаса, Ош облустук, Өзгөн райондук укук коргоо органдарынын, айрыкча прокуратуранын колунан эчтеке келбей калды көрүнөт.

Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: