Menu

Дубайдан Камчы Көлбаевдин жана 12 кыргыз жаранынын мартабалуу кымбат үйлөрү табылды

Бөлүшүү:

Эл аралык Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иликтөө борбору өзүнүн жаңы “Дубайдын алтын куму” деп аталган баяндамасын жарыялады.  Анда Дубайдын эң мартабалуу райондорунда кымбат баага турак жай сатып алгандардын арасында саясатчылар, ишкерлер ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү бар. Уюм жарыялаган алгачкы 100 кишинин тизмесинде Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы Камчыбек Көлбаев жана башка 12 кыргызстандык жарандын ысымдары аталган. Бул тууралу бүгүн, 15-июнда Азаттык радиосу билдирди.

“Камчы Көлбаев Дубайда кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ экенин аныктадык. Биздеги маалыматка караганда, анын үйү Дубай Марина районунда жайгашкан, ал жердеги батирлердин орточо баасы 500 миң долларды чапчыйт. Ал АКШнын санкциялар тизмесине кирген кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Андан башка дагы жети киши ошол эле топтун мүчөсү деп көрсөтүлгөн. Алар оор кылмыштарга айыпталып, америкалыктардын санкциялар тизмесине киргизилгени менен Дубайда эч кандай тоскоолдуксуз мүлк сатып ала алышканы бизди кызыктырды. Маалымат базасында Кыргызстандын 12 жараны жүрөт. Тилекке каршы азырынча мен алардын аты-жөнүн бере албайм, анткени биз алар боюнча иликтөөбүздүн аягына чыга элекпиз. Алардын үчөө кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлдөрү болгондуктан бизди чындап кызыктырат. Алар америкалыктардын санкциялар тизмесине кирген адамдар жана саясатчылар. Биздин колго тийген маалымат 2014-2016-жылдарды гана камтыйт. Сиздер билгендей, Бириккен Араб Эмирлиги бул маалыматтарды купуя сактайт. Биз ишенимдүү маалыматты өз каналдарыбыз аркылуу алган соң аларды башка өнөктөштөрүбүз менен кылдат иликтеп чыгып, чын-бышыгына жеттик. Биз азыр алгачкы 100 кишинин гана аты-жөнүн жарыяладык. Эми жакынкы күндөрү дагы кеминде 100 кишини кошобуз. Алар дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин жарандары – саясатчылар, ишкерлер, уюшкан финансылык жана башка оор кылмыштарга айыпталгандар. Дубай мыйзамсыз акчаны адалдоо үчүн өтө жагымдуу жер экенин билебиз. Эгер кимдир бирөө кыймылсыз мүлк алам десе, эч кандай документ талап кылынбайт. Кыймылсыз мүлк агенттиктери өтө ийкемдүү, көпчүлүгү накталай акча менен иштешет. Алар сиздин ким экениңизди, акча кайдан келгенин, уюшкан кылмыштуу топтукубу же маңзат соодасынан түшкөнбү – эч ким текшербейт. Арам акчаны башкача жол менен адалдаштырууда ал каражаттын кайсы бир бөлүгү сарпталышы мүмкүн, ал эми кыймылсыз мүлк сатып алса андан пайда гана табат. Дубайдын мартабалуу райондорундагы турак жайдын баасы айрымдары 10 миллиондогон долларды чапчыса, башкалары жүз миңдеген доллар турат”, – деп билдирген “Азаттыкка” баяндаманы жарыялаган иликтөө долбоорунун координатору Карина Щедровски.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: