Menu

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Африканын Уганда өлкөсү менен коррупциялык былыгы ачыкка чыкты

Бөлүшүү:

Кыргызстанда мурунку жетекчиликтин дагы бир кезектеги ызы-чуулуу былыгы ачыкка чыга баштады. Бул жолу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзү коррупцияга шектелип жатат. “Коммерсанть” басылмасына белгилүү болгондой, Атамбаевди Россиядан аскердик жардам катары бекерге  алган тик учактарды Угандага ижарага берип, акчага туйтунууга аракет кылган деп айыптап жатышат. Жаңы бийликтер бул фактыны тыкыр иликтөө ниетин билдиришүүдө.

“Ата Мекен” оппозициялык фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин “Коммерсантка” айтымында, ал жана анын коллегалары премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин алдына Угандага 4 тик учакты ижарага берүү келишимин тыкыр иликтөө милдетин коюшту. Депутаттар бул шектүү операцияга экс-президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер Сапар Исаков катышышкан деп эсептешет.

2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев Угандага эки Ми-24В жана эки Ми-8МТВ тик учактарын 2 жылга ижарага берүүгө буйрукка кол койгон. Бул 4 тик учак тең Россиядан аскердик жардам катары алынган болучу. Африкалык өлкө Угандага бул тик учактар согуш жүрүп жаткан Сомали өлкөсүндө Африкалык союздун катарында катышууга керек эле. Кыргыз депутаттарынын маалыматы боюнча бул келишимди ал кезде президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Сапар Исаков көзөмөлдөп турган.

Ал буйруктун негизинде 2014-жылдын 3-декабрында Уганданын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасынын ортосунда келишимге кол коюлат. Бирок Уганда өкмөтүнө 4 тик учактын ижарасына акчаны кыргызстандык банктардын бирине эмес, Дубайдагы Sky Tech Trading Services FZE фирмасынын Emirates Bankындагы эсебине которуу сунушталган.

2015-жылы 4-августта Сапар Исаков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысына кат жазып: “Келишимдин баасы али так белгисиз” деп жазган. Бирок ошол эле катта “эгер бул контракт бузулса Кыргызстан 30 млн доллар акча каражатын жоготот, андан сырткары “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасы үчүн келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга, Кыргызстанга ири көлөмдөгү каржылык каражаттардын келип түшүшүнө зыяны тиет” ,  деп жазган.

Бирок, ошол 2015-жылы ошол кездеги Кыргызстандын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев бул келишимден шекшип, прокуратурага кайрылат. Анда ал бул келишимдин түзүлгөнүн өзү жарым жылдан кийин билгенин, Уганданын өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мыйзамдуулугун жана ижара акысына түшчү акчанын Дубайдагы банктын бир белгисиз эсебине которулуусунун мыйзамдуулугун текшерип берүүнү өтүнгөн. Аскердик прокуратура 2015-жылы 25-августта “контракт мыйзамсыз түзүлгөн” деп чечим чыгарган, бирок, Сапар Исаков Башкы штабдан Башкы командачы – президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна баш ийүүнү талап кылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири катары 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоонун алдында премьер-министрликке дайындалат жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке таасирин сактап калуунун кепилдиги катары каралган. Бирок бул план ишке ашпай калган: Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин өкмөттөгү  “Атамбаевдин кишилерине”  басым жасала баштаган. Жыйынтыгында, Сапар Исаков отставкага кетип, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого бөлүнгөн 386 миллион доллар кредиттин 200 миллионун максатсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынган. Модернизация сапатсыз болгонун быйыл кышында Бишкектиктер өз жон териси менен сезишкен: январдагы 30 градустуу суукта ТЭЦ иштен чыгып, Бишкекти жылуулуксуз калтырган. Бул иш боюнча Сапар Исаковдон башка да Атамбаевдин жакын кишилери: Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, башкаруучу партия – КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин директору Айбек Калиев жана башка бир нече чиновниктер камакка алынды.

“Алмазбек Атамбаев өзүнүн мураскери, президент  Сооронбай Жээнбековду мурдагыдай эле өзүнүн кол алдындагы кызматкер катары эсептеп, ашкере басым жасап кирген. Ал одоно буйрук берүүгө көнгөн адам. Ал эми Жээнбеков президент болгондон кийин мурдагыдай мамилени сактап калуу туура эмес деп чечкен. Атамбаев кызматтан кеткенден кийин өзүн убактылуу болсо да алысыраак кармаш керек эле, тескерисинче Атамбаевдин ишарааты менен премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековду тоотпой, ага теңсинбегендей мамиле кыла баштады”, – деп айтат КМШ өлкөлөр институтунун Орто Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин “Крммерсанть” басылмасын берген маегинде.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурдагы тик учактарды Сомалиге ижарага берүү боюнча буйругу.

“Коммерсанть” басылмасынан кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: