Menu

«Шопур» Икрамжан Илмиянов: «Мен Америкадан кайтып келем, менин корко турган эч нерсем жок, Соке менин былтыр августтагы жакшылыгымды билет»

Бөлүшүү:

КСДПнын басма сөз кызматы канчалык какшап: “Икрамжан Илмиянов эч жакка качкан жок, Сауд Араб өлкөсүндө сыйынып жүрөт, жакында Кыргызстанга кайтып келет”  деп карганса да Илмиянов Саудиядан кайтып келген жок. Аны менен чоогу Саудияга барышкан саясатчылар Алтынбек Сулайманов менен Исхак Пирматов эбак эле Кыргызстанга кайтып келишип, парламентте иштеп жүрүшкөнүн баары эле телеканалдардан көрүп жатышат.

Биздин жеке булактардын билдирүүсүндө Икрамжан Илмиянов АКШнын Нью-Йорк шаарындагы үйүнө учуп кетип, үй бүлөсүнө барып кошулган. Бирок кетеринде жакын досторуна ишенимдүү түрдө: ”Мен Америкага убактылуу эле иштерим менен кетип жатам, жакында кайтып келем, менин корко турган эч нерсем жок. Анын үстүнө былтыр августта Алмаз Шаршенович Сокени мураскер кылуу планынан айнып: “бул жарабайт!” деп, башка талапкерге ставка жасай баштаганда мен шефти токтотуп, кайра Сокеге ставка жасоого көндүргөм, ошондо мен болбосом Соке эч качан президент болбойт болчу. Бул жакшылыгымды Соке өзү да билет”, – дептир.

Ошондуктан “”Шопур” Илмиянов “качып кетти!” дебей тургула, ал кайтып келип калышы да мүмкүн. КСДПнын басма сөз кызматы да ушундай ишенимге таянып, “качкан жок, кайтып келет” деп какшап жатса керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: