“Бул фотодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков самолеттогу өз ордунан туруп баратат. Катардагы эле Бишкек-Москва каттамы менен жөнөкөй жүргүнчү Жээнбеков Москвага, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына учуп барды.
Нурсултан Назарбаевдин аба учактар паркында 10дон ашык самолеттор менен вертолеттор бар. Россиянын борборуна Назарбаев бүгүн баасы 250 млн долларлык Airbus самолету менен учса керек.
Кыргыздардын Жээнбеков тууралу социалдык тармактарда “бул эл көзүнө эле ушинтип жатат” деп жазган комментарийлерин окуп жатам. Бизге да ушундай катардагы каттам менен учканын “эл көзүнө” жасаган бешинчи президентти берсе гана…”
Наталья Садыкова.
Казак журналисти Наталья Садыкованын Фейсбуктагы баракчасынан алынып, кыргызчаланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ