Menu

Фото – Кечээ катуу жааган жамгырдан улам Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорун сел каптады

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-июнь күнү Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында катуу жааган жаандан улам бул райондорду сел каптады. Бүгүн жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары, таңкы саат 09:00дөн башталды. Бул тууралу КР ӨКМинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда Кадамжай районунда КР ӨКМнин 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 84 адам, айыл аймактардан 7 жүктөгүч, 2 самосвал, 2 грейдер, 2 трактор, 1 экскаватор, №46 ЖТИден 2 грейдер иш алып барууда.

Лейлек районуна жергиликтүү тургундардан 27 адам, айыл аймактардан 3 экскаватор, 1 грейдер, 2 самосвал, райондук суу чарба башкармалыгынан 2 жүктөгүч, Кытай жол куруу ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

Баткен районунда жергиликтүү тургундардан 15 адам, айыл аймактардан 2 грейдер, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 грейдер иш алып барууда.

Мындан сырткары райондук Жарандык Коргонуу комиссиялары жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

ӨКМдин расмий билдирүүсүнүн тексти:

Баткен облусу, Лейлек району. 2018-жылдын 15-июнь күнү саат 07:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу, Бешкент, Кулунду айыл аймактарында сел жүргөн.
Бешкент а/а: Эски Оочу айылында 3 турак үйдүн ичине сел кирип, 5,5 чакырым ички чарбалык унаа жолду каптап, 2 чакырым ички чарбалык арыктар шагылга толгон.
Кулунду а/а: Төмөнкүдөй кырдаал түзүлгөн:
– Раззаков айылында 2 турак үйдүн ичине, 5 чарбалык курулуштарга, 6 турак үйдүн короолоруна суу кирген;
– Ак-Арык айылында 7 турак үйдүн ичине, 25 чарбалык курулуштарга, 30 турак үйдүн короолоруна суу кирген. Ошондой эле, айылдагы 0,5 чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган. “Мир Ойл” май куюучу станциянын короосуна сел кирип, 50 тонна дизель майын, 28 тонна бензинин агызып, 1га жер үлүштөрүнө жайылган, анын ичинен 30 сотых жер аянты беде, калган жерлери бак дарактар болгон.
– Интернационал айылында 3 чарба курулуштарын жана 0,4 чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган;
– Кровник тилкесинде 2 турак үйдүн ичине, 2 чарбалык курулуштарга, 12 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген;
– Кулунду айылында 240 метр ички чарбалык арыктарды суу каптаган жана 1 даана мамычаны кулаткан.
Маргун а/а: Дархум айылында 5 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптаган.
Ак-Суу а/а: Коргон – Сай тилкесинде Ак–Суу-Жар-Кыштак ички чарбалык унаа жолу селден жабыркаган. Андан сырткары 2018-жылдын 15-июнь күнү саат 17:30 чамасында Ак-Суу айылынын тургуну 1989-ж.т. С. Ш. чагылгандан көз жумган.
Жалпы район боюнча: 14 турак үйдүн ичине, 35 турак үйдүн чарбалык имаратына, 48 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 5,5 чакырым ички чарбалык жолдорду жана 2240 м. ички чарбалык арыктарды суу каптаган. Андан сырткары, 1 электр мамычасы кулаган.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Баткен облусунун башчысы, КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүм башчысы, райондук ЖК комиссиясы, Лейлек райондук №108 ӨКБдан 10 куткаруучу. Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, Бешкент а/а 1 экскаватор, Маргун а/а 1 грейдер, Кулунду а/а Тазалык ишканасынан 2 самосвал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Кытай жол куруу ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 15-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн. Тартылган техникалар ички чарбалык унаа жолдорду жана ички чарбалык арыктарды тазалашкан. Куткаруучулар Раззаков айылындагы турак үйлөрдү тазалашкан. Тазалоо иштери 16-июнь күнү улантылат.
Баткен району. 2018-жылдын 15-июнь күнү саат 07:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Самаркандек, Ак-Сай, Актатыр, Кара-Бак, Дара жана Төрт-Гүл айыл аймактарында сел жүргөн.
Самаркандек а/а: Самаркандек айылында 9 турак үйдүн короолоруна сел кирип, 4,36 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 650 метр ички чарбалык арыктарды сел суулары каптап, 1700 метр селден коргоочу тосмонун жээгин суу жууп, 55 метр селден коргоочу бетонду жана 9 даана латокту жараксыз абалга келтирген. Жаңы-Бак айылында 6 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, 1700 м ички чарбалык унаа жолду сел каптап, 4 даана электр мамычасын суу агызып кеткен.
Кара-Бак а/а: Кара-Бак айылында 39 турак үйдүн ичине, 43 турак үйдүн короолоруна, 92 чарбалык курулуштарына (сарайларга) сел суулары кирген. 30 га үлүш жерлерин жана айылдык мазарды сел суулары каптаган. 300м аралыктагы селден коргоочу тосмону жууп кетип, 2 көпүрөнү жараксыз абалга келтирген. Чет-Кызыл айылында 1 турак үйгө сел кирген. Достук айылында Ак-Суу дарыясынын 300м. жээгин суу жууп кеткен.
Төрт-Гүл а/а: Ак-Өтөк айылында 1 турак үйдүн ичине сел кирип, дубалдарынын жарымын сел бузуп, авариялык абалга келтирген. Ошондой эле, 300м ички чарбалык унаа жол, 3,5 чакырым арыктар, 35 га үлүш жерлер сел аралаш шагылдарга толуп, 6 даана электр мамычасын агызган. Чоң-Талаа айылында 1 электр мамычасын агызган.
Дара а/а: Жаңы-Жер айылында 1 тоок фермасына сел суусу кирип, дубалдары жабыркап, алдын ала алынган маалыматка ылайык, болжол менен 500 тоогун агызган (өлгөн тооктун саны такталууда). Ошондой эле, тоок фермасынын жогору жагына курулган сел сууларынан коргоочу тосмонун 45м аралыгы бузулган, айылдын 32 га үлүш жерин суу каптаган жана айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кыла турган каналдын жогору жагындагы 128м аралыгы суудан бузулган жана 1 даана электр мамычасын жараксыз абалга алып келген. Андан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 119-чакырымындагы сел суусу ага турган жайдан ДЕУ Тико жана Дамас үлгүсүндөгү жеңил унаалары өтүүгө аркет кылышып, сел өткөрүүчү жайдын ортосунда өчүп калышкан.
Жалпы район боюнча: 41 турак үйдүн ичине, 58 турак үйдүн короолоруна, 92 чарбалык курулуштарына сел суулары кирип, 8,5 чакрым ички чарбалык жолду, 5 чакырым арыктарын сел суулары каптаган. Андан сырткары, 97га үлүш жерлерди суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 2 көпүрөнү бузган.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгы башчысы жана 3 офицер, КР ӨКМдин Баткен шаардык жана Баткен райондук ӨК бөлүм башчысы, 56 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 150 адам, суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, айылы аймактан 2 жүктөгүч, 1 экскаватор, РЭТ ишканасынан 6 кызматкер.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн. Куткаруучулар тарабынан Карабак айылындагы 25 турак үйдүн ичин жана короолорун тазалашкан. Ошондой эле, техникалардын жардамында ички чарбалык унаа жолдорду жана ички чарбалык арыктарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн. Жергиликтүү тургундар тарабынан ДЕУ Тико жана Дамас үлгүсүндөгү жеңил унаалар коопсуз жайга чыгарылган. РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан электр мамычалары калыбына келтирип, электр жарыгы берилген. 16-июнь күнү тиешелүү иш-чаралар улантылат.
Кадамжай району. 2018-жылдын 15-июнь күнү саат 07:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак, Совет айыл аймактарында сел жүргөн.
Ак-Турпак а/а: Өтүкчү айылында 4, Кара-Тумшук айылында 4, Кызыл-Коргон айылында 10, Ак-Турпак айылында 14, Чоң-Кара айылында 4, Калча айылында 3, Чогорок айылында 5, Өрүкзар айылында 4, Миң-Чынар айылында 5, райондук суу чарба башкармалыгынын 2 турак үйлөрүнүн короолорун, жалпысынан 55 турак үйдүн короосуна сел суулары кирип, 8,1 чакырым ички чарбалык жолду жана 7,2 чакырым ички чарбалык арыктарды жараксыз абалга келтирген. 45 га үлүш жерлерине сел суулары кирген. Ошондой эле, 335 м суу чарба башкармалыгынын балансындагы латокту суу бузган. Андан сырткары, борбордук базардын 10 контейнерине сел суулары кирген.
Кыргыз-Кыштак а/а: Кыргыз-Кыштак айылында 1 турак үйдүн ичине, 7 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Ошондой эле, 3,2 чакырым арык жана №46 Жол тейлоо ишкпнасына тиешелүү Өтүкчү-Кара-Тумшук-Кызыл-Коргон унаа жолунун 4 чакырым аралыгы кум шагылга толгон.
Совет а/а: Совет айылына баруучу унаа жолдун 400м аралыгын сел бузган.
Жалпы район боюнча: 1 турак үйдүн ичине, 62 турак үйдүн короолоруна жана 10 контейнерге сел суулары кирип, 8.1 чакырым ички чарбалык жол жана 7,2 чакырым арыктар селден жабыркаган. Ошондой эле, 45 га үлүш жерлерине сел суулары кирген.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин бөлүм башчысы, райондук ЖК комиссиясы, 44 куткаруучу, жеке менчик 2 экскавтор, №46 ЖТИнан 1 жүктөгүч, 1 грейдер.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 15-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, куткаруучулар тарабынан ички чарбалык жолдордогу жана арык, каналдарындагы сел сууларын тазалоо иш-чарасы жүргүзүлгөн. Техникалар унаа жолдорду арыктарды тазалаган. Тазалоо иштери 16-июнь күнү улантылат.
Ошол себептен, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн – облустук Жарандык коргонуу жетекчисинин 2018-жылдын 15-июнундагы №01-12/181 буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: