Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июнда, эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Борбор Азиядагы «Toyota Tsusho Corporation» Инвестициялык соода үйүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Манабу Такаки, Борбор Азия жана Закавказье  боюнча «NEC Corporation» өкүлчүлүгүнүн коммерциялык директору (Ташкент шаары) Виктор Шегай жана башкалар катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, республика чет мамлекеттерден заманбап IT-технологияларды тартууга кызыкдар.

«Коопсуз шаар» долбоору» биз үчүн маанилүү саналат. Муну эске алуу менен биз бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы бар эл аралык компаниялардын колдоосуна ишенебиз. Аталган долбоор биз жана биздин өлкө үчүн зарыл», – деди ал.

Борбор Азиядагы «Toyota Tsusho Corporation» Инвестициялык соода үйүнүн өкүлчүлүгүнүн башчысы Манабу Такаки «NEC Corporation» компаниясы менен биргеликте Мьянма Республикасында, Непалда, Бангладеште жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө IT- технологияларды («Коопсуз шаар», «Электрондук өкмөт») ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары «Toyota Tsusho Corporation» жана «NEC Corporation» компаниясынын өкүлдөрү «Коопсуз шаар» жана «Digital CASA» долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин маалымдашты.

Ошондой эле Манабу Такаки компания иш алып барып жаткан долбоорлорду, атап айтканда, айыл чарба, медицина, билим берүү жана химиялык өнөр жай жаатындагы долбоорлордун бетачарын тартуулады.

Өз кезегинде Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Toyota Tsusho Corporation» өкүлдөрүнө агроөнөр жай жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу тармагындагы долбоорлорго катышуу мүмкүндүгүн кароону сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: