2010-2011-жылдары, кийин 2014-2015-жылары КР Коргоо министри болуш иштеп турган генерал Абибилла Кудайбердиев 2014-жылы анын колуна 6 ай мурун кол коюлган келишим тийгенин, ал келишимде согуш жүрүп жаткан Сомалиге анын коңшусу Уганда аркылуу Кыргызстандын 4 аскердик вертолету ижарага берилип жатканын билет. Кудайбердиев ал келишим мыйзамсыз түзүлгөнүн тактап, Генпрокуратурага арыз жолдойт. Аскердик прокуратура ал келишимди мыйзамсыз деп табат. Бул кадамы үчүн Абибилла Кудайбердиев кызматынан алынып, ага каршы кылмыш иши ачылат. Көрсө ал вертолетторду Африкага ижарага берүү буйругун ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев берген экен.
Видео: Жалбырак ТВ
Атамбаевдин вертолетторду Угандага берүү боюнча буйругу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ