Menu

Кыргызстандын Эрежесиз эр уруш жана панкратион федерациясынын Россиядагы өкүлү Улан Кошматовдун кайрылуусу

Бөлүшүү:

Чынгыз Анарбек уулунун келинчеги Аида менен бүгүн түшкөн сүрөт.

Урматтуу Мекендештер!
“Кырсык каш менен кабактын ортосунда” деген кыргызда улуу сөз бар, кечээ, 16-июнь күнү Москва шаарында Китай-город районунун Ильинка көчөсүндөгү светофордун алдында, биздин кыргыз жигитибиз, бир тууганыбыз, 28 жаштагы Анарбек уулу Чынгыз жумуш учурунда, машине айдап баратып, көзү илинип кетип, үргүлөп уктап кеткен бир нече секундда көзүн ачып жумганча оң жака бурулуп, жолдон чыгып, ошол жерде басып бараткан 7,8 адамды сүзүп, коюп кеткен. Акбалды сезип туруп, шок абалында эми кандай болот деп, коркуп кетип, качканы үлгүрөм деп качып кармалып, Ошол жердеги аймактык Китай-город полициясына жеткирилген.
Ал эми орточо жаракат алган жүргүнчүлөрдү “тез жардам” кызматы менен жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Бул автокырсык боюнча азыркы убакытта тергөө иштери жүрүп жатат. Эртен, 18-июнда күндүз Чынгыздын баш коргоо чарасын караган сот болорун күтүп жатабыз, Жараткандан женилинен берсе деп, дуба кылып тилеп соттун чечимин күтөбүз туугандар…
Чындыгында Чынгыз бир тууганыбыз жаман жолдо жүрбөгөн, алыстагы кыргыздын патриот жигиттеринин бири. Аварияны атайылап жасабагандыгы жөнүндө орус бийлиги да өздөрү туура чечим чыгарып жарыялашты.
Чынгыз бир тууганыбыз көптөгөн ММА боюнча чемпионаттарда катышып, кыргыздын туусун бийик көтөргөн жигит!
Чынгыздын келинчеги Аида түнү менен Китай-город полициясынын тергөөсүндө болуп, бүгүн болсо Москвадагы кыргыз элчилигине барып, биздин ИИМдин өкүлү менен сүйлөшүп келди.
Буйруса эртең Элчиликтин, ИИМдин, Миграция кызматынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чоогу сотко барып, Чынгызды колдойбуз, соттун чечимин элге жеткиребиз.
Чынгыздын туугандарынын уруксаты менен, Москвадагы элдин суранычы менен ортого Чынгыздын кайнисинин Сбербанкдагы картасын койуп жатабыз, мүмкүнчүлүккө карап, тыйын которуп, соопчулук иштерине катышып калсанар болот туугандар!
?Сбербанк 5469380048283518
Сейит Нуркасым Уулу деп чыгат.
Бул карта Чынгыздын келинчеги Аида келинибиздин колунда.
Баарыныздарга терең ыраазычылык билдирип, урматым менен Улан Кошматов. Тел 89653870612

Маалымат: Анарбек уулу Чыңгыз 1990-жылы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Ал буга чейин эч кандай кылмыш жоопкерчиликке тартылган эмес, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.
Чынгыз Анарбек уулу Кош-Дөбө айыл аймагынын Семет айылындагы Шаки Тойматов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. Бишкек шаарына 2003-жылы үй-бүлөсү менен көчүп кетип, 2013-жылы аксылык кыз Аидага үйлөнгөн. Учурда 2 кызы бар. Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын көпчүлүгү Бишкекте жашайт. Аялы да Россия Федерациясында, ал эми 2 кызынын бири чоң атасы менен чоң энесинин, бири таэнесинин колунда. Алар Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жашашат. Чынгыз Анарбек уулу буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында издөөдө болгон эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган. Кошумча тактоо иштери жүрүп жатат», – деп айтылат Жалал-Абад ОИИБдин билдирүүсүндө.

Чынгыз Анарбек уулу былтыр, 2017-жылы октябрда Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон учур.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: