Menu

Камчыбек Узакбаев, “Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун директору: Бөйрөктү алмаштырууга жетиштик, эми кезек боордо…

Бөлүшүү:

-Камчыбек мырза, жакында сиз жетектеген борбордо өзүңүздүн жетекчилигиңиз астында адамдын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча саамалык ишке ашканы маалым болду. Алгач ушул маселенин чоо-жайынан кеп салып берсеңиз?

– Негизи медицинада бөйрөктү алмаштыруу операциясы же органдарды трансплантациялоо абдан татаал бөлүктөрдүн бири. Анткени, трансплантацияда медицинанын эң бир жетишкендиктеринин баарысы чиеленишип турат. Эң оболу бейтаптын ден соолугу менен тыкан таанышып, изилдеп, операцияны кандай көтөрөрүн, кийинки жагдайы кандай болорун карап чыгып, ага удаа донордун да ден соолугу терең текшерүүгө алынат. Эгерде андан кичине эле кооптуу жагдай чыкса, аны донор кылбашыбыз керек. Анткени, ал кийин өзү да оорукчан болуп калбашы кажет. Донор менен рецепиенттин ткандары дал келишин текшерүү үчүн алгач Алматы шаарына жиберебиз. Анткени, алар менен биздин борбордун келишими бар. Наркоз берген убакта анестезиологиялык жардам менен реанимациялык этаптар жана бөйрөк алмаштыргандан кийинки бейтапты калыптандыруу процесси да абдан татаал болот. Ушундай көрүнүштөрдүн баарына тыкан даярданып туруп гана операциянын бул түрүнө баруу кажет. Тыкыр даярданбастан мындай операцияга кирсең, анда жыйынтыгы начар болуп калышы мүмкүн. Биз адамдын бөйрөгүн алмаштыруу процессине 10 жыл бою даярданганбыз. Бул аралыкта жеке өзүм эле эмес, командабыз менен көптөгөн чет өлкөлөрдү кыдырып, бөйрөктү алмаштыруу операциясын өз көзүбүз менен көрүп, таанышып жүрдүк. Жыйынтыгында, Белоруссиядагы бөйрөктү трансплантациялоо жагы көп жылдардан бери жакшы деңгээлде экенин билген соң, алардын профессору О.В.Калачик менен сүйлөшүп, ал киши бул жакка өзүнүн командасы менен келип, биздин борбордо бөйрөк алмаштыруу боюнча 15 операцияны ийгиликтүү жасап кетти. Кыргызстанга операция жасоо өнөктүгүнө өзү жалгыз келбестен лаборант, анестезиологун, реаниматолог баштаган дарыгерлерден куралган бригадасы менен келип жүрдү. Андан кийинки келип жасаган операцияларынын дээрлик баарысына өзү жалгыз келгендиктен, ал процесстерге биз катышып, өзүбүз жардам берип жүрдүк. 2016-жылы адаттагыдай биздин өлкөгө операция жасоого келгенде ал киши «эми силер операциянын мындай оор түрүн жасоого жарап калдыңар, мындан ары өзүңөр жасай бергиле» деген ишеничин билдирген соң, биз өзүбүз ошондон тарта абдан даярдандык. Тийиштүү жабдыктарды сатып алуу маселеси бар эле. Мындай маселе боюнча Жогорку Кеңешке чыксак, каражат жагынан парламент өкүлдөрү 300 миң доллар бөлүп беришти. Бизге тийген акчага бөйрөк алмаштырууга керектелүүчү тийиштүү аспаптардын баарысын сатып алып, операция жасалуучу жайларыбыздын шартын жакшыртып, ремонт жүргүздүк. Ушул этаптардын баарысынан кийин гана операция жасоого аттандык.

– Ошондо бөйрөктү алмаштыруу боюнча операция жасоо өзүбүздүн дарыгерлер тарабынан биринчи ирет болуп жатат да ээ?

– Ооба, бул жолкусунда эч кандай чет элдик дарыгерлерсиз эле өзүбүздүн дарыгерлерден куралган бригадабыз менен бул жоопкерчиликтүү иштин өтөөсүнө чыктык.

– Бөйрөгүн алмаштырган бейтап боюнча да маалымат берип койсоңуз? Ошондо канча жаштагы жараныбыз оор операцияны башынан өткөрдү?

– Операциянын бул түрү 26 жаштагы жигитке жасалды. Бейтаптын өзүнөн бир жаш кичүү бир тууганынын бөйрөгү туура келип, анын бир бөйрөгүн агасына салып бердик. Ага чейин ал жигиттин атасыныкын да караганбыз, бирок, аныкы дал келген жок. Агасына бөйрөгүн берген жигит ооруканага 6 күн жатып чыкса, бөйрөгүн трансплантацияланган бейтабыбыз 10 күн жатып, ооруканадан жакшы болуп чыгарыдды.

– Макул, бир бөйрөгүн бир тууганына же жакындарына бериптир. Андан ары андай боорукер инсандарыбыздын жашоосу, ден соолугу кандай болот?

– Бир бөйрөгү менен адам көп жыл кадимкидей жашай берет.

– Бир жыл ичинде сиз жетектеген оорукана канча бейтапты кабыл алууда? Бу жайга качан башпакпа кезек күткөн, наристелердин ыйына бөлөнгөн, кымгуут борбор бүгүн өлкө аймагынан келген бейтаптарды кабыл алып, жаткырганга чамасы келип жатабы?

– Азыр жылдан жылга оорулардын саны негедир көбөйүп жатат. Бул эми көп факторлуу нерсе. Өлкөбүздө ички-тышкы миграция күчөп, инфекциянын түрлөрү да көбөйдү. Жаш балдардын арасындагы дарттар да азайган жок. Бир эле мисал, өткөн жыл ичинде биздин борбордон 178 миң бала текшерилип кетсе, ооруканабызга жатып, дарылангандардын саны 18 миңге жетти. Анан калса бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп жатат. Биздин аз сандагы элибиз үчүн бул абдан чоң цифра. Быйыл президентибиз Сооронбай Шарипович «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялабадыбы. Ушул жарлыктын негизинде медициналык жаатыбыздан да региондордогу балдарды, кош бойлуу энелерди тейлеп, кызмат көрсөткөн мекемелерибиздин сапатын, деңгээлин көтөрүп, санын көбөйтсөк деген изги тилектерибиз бар.

– Өзүңүз жетектеген борборго кайрылган жүз миңдеген, жатып дарыланган он миңдеген балдардын арасынан «кап, аттиң, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш өспүрүмгө жардам бере албай калдым» деп өкүнүп, бармак тиштеген убак жеке өзүңүздө болобу? Өспүрүмдөр арасында кыргыз медицинасынын күчү келбеген көрүнүштөр катталып жатабы?

– Андай учурлар, албетте болот. Өзгөчө өтүшүп кетке ооруларга кириптер болуп келгендерге кээде техникалык диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз жетишпей калат. Техникалык мүмкүнчүлүгүбүз жетишпей калса, бейтаптарыбызга кайсы жерге же кайда барып дарылануу керектиги боюнча кеп-кеңештерибизди айтып, жолдомо берип жөнөтө бүз. Ал эми бейтаптарыбыздын боорун алмаштыруу операциясына азырынча биздин күчүбүз жетпей келет. Анткени, бул жагынан керектүү техникалык аспаптарыбыз жок. Бирок, боор алмаштыруу жагынан керектүү техникалык шаймандарды алып берүү ниетин белгилүү меценат Мирлан Исагалиев билдирип жатат. Эгер анын ак ниети ишке ашса, анда биз Россия же Түркия баштаган чет өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен биргеликте башта айтканымдай, Белоруссиядан келип бөйрөк алмаштырган дарыгерлерибиз сымал боор алмаштырууну да биздин өлкөдө даярдап, окутуп, андан соң ишке ашырабыз. Азыр жаш өспүрүмдөр арасында да тубаса түрдө боордогу кан тамырлар, от чыгаруучу түтүктөрүнүн жок болуп калышы тез эле боордун цирроз оорусуна алып келет. Андай учурда бир гана жардам бул – боорду алмаштыруу менен өмүрүн сактап калуу мүмкүн. Азыр тубаса оорулардын түрлөрү абдан көбөйүп жатат. Мурда мындай дарттын түрлөрү чанда гана кездешчү. Азыр бул көрүнүш тез көбөйүп, өзгөчө тубаса дарттардын айынан майып болуп калгандар бизди өкүндүрүп жатат. Бирок, аларга да жардам берүүгө болот. Болгону дартты убагында таптап, керектүү мүмкүнчүлүктөрдүн баарысын жумшап көп учурда алдын алып дарыласа, айыгып кетет. Жакында биздин өлкөдө көп кездепгүүчу тубаса оорулардын алдын алуу боюнча «неонаталдык скрининг» програмасын киргизип жатабыз. Бул өтө керектүү иш, бирок, каражаттын бөлүнүшү кечеңдеп атканына байланыштуу кармалып турат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: