Президенттин пресс -катчысы, маалымат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиевага карата акыркы күндөрү катуу чабуул башталды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Стамалиева жакын арада башка кызматка которулуп, анын ордуна ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу дайындалаары күтүлүп жатыптыр. Калп айтпасак, Толгонай Стамалиева менен Ибрагим Нуракун уулу группалаш жана жакшы санаалаштардан экенин билебиз.
Балким Толгонай айым өзүнүн ордуна группалашын өзү сунуштагандыр. Нуракун уулу деле өз ишине тың экенин көрсөтүп жүрөт. ЖК жыйынына тандалма журналисттерге, өң-тааныштарга эле аккредитация бергени болбосо, калган иштери жакшы эле…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ