Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы лидери Канат Исаев козголгон кылмыш иши боюнча акыркы сөзүн айтты. Анда ал Токмок шаарында мэр болуп турган кезинде эч кандай мыйзам бузууларга жол бербегенин, ага тагылган айыптар жасалма экендигин, ишти тергөө учурунда олуттуу көрсөтмөлөргө, күбөлөргө көңүл бурулбаганын белгиледи. Ошондой эле өзүнүн ак экенин, иш толугу менен саясий куугунтук жыттанып турганын билдирип, соттон актоону суранды. Ошону менен сот отуруму 19-июнга жылды. Шаардык сот эртең бул боюнча өкүм чыгарышы мүмкүн.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ