Menu

Космос Чолпонбаев, Саламаттыкты сактоо министри: Мыйзам боюнча төрөт бекер

Бөлүшүү:

—Космосбек Сариевич, эки тарап биргелешип курулуп жаткан кыргыз-түрк ооруканасынын ачылышы эмнеге узартылып жатат?

—Сентябрь айынын башында Көчмөндөр оюну өтөт эмеспи. Буюрса ошого Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын келиши күтүлүүдө. Ошондо ачалы деген жакшы тилегибиз бар. Эки президент лентасын кесип, биринчи кардарларды кабыл ала баштайбыз. Ушул себептен улам ачылышы кечеңдеп жатат.

—Улуттук госпиталдын башчысы Динара Сагинбаеванын «кылыктарынан» кабарыңыз барбы?

—Ооба, Сагимбаева боюнча мага да көп кайрылышууда. Ал тууралуу гезиттерге чыккандарын да окугам. Улуттук госпиталда азыр кадрлар боюнча көп уруш талаштар болуп, сот иштери жүрүп жатат. Эгерде соттон утуп алышса кайра аларды кызматка коём. Бул ишти учурда министр катары мен, өкмөттүк комиссия дагы өзүнүн көзөмөлүнө алды.

—Шаардагы төрөтканалардагы коррупция кекиртектен ашып кетти. Эне менен баланын өлүмү көбөйдү. Качан жөнгө саласыз?

—Жакында баарын кыдырып чыгайын деп пландап жатам. Эне менен баланын өлүм ү кайталана элек, болбой эле койсун. Эми ыраазычылык ирээтинде ата-энелер өзү акча берип жатса тыя албайбыз. Мыйзам боюнча төрөт бекер экенин элдин баары билет.

Баян Кулова

Булак: De Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: