Menu

Максат Сабиров, депутат: Бишкек ТЭЦи боюнча келишим түзгөн Жантөрө Сатыбалдиев ак болуп, ишти аткаргандар камалганы туура эмес

Бөлүшүү:

– Максат Эсенович, партияңыздардын ичиндеги «климат» кандай, алдыдагы кадамдар аныкталып жатабы?

—Партиябыз өз ишин жүргүзүп жатат. Ырас, лидерибиз Өмүрбек Бабанов саясаттан кеттим дегенден кийин партия бир аз ээнсирей түштү. Кырдаалга жараша өйдө-төмөн окуялар дагы орун алды. Бирок чачылып кеткен жок, жер-жерлердеги фракциялар өз иш жүргүзүп жатат. Бишкек жана Ош шаардык кеңеште, ири шаарлардын баарында өкүлдөрүбүз отурат. Парламентте 28 депутатыбыз бар, алар 2020-жылга чейин элге кызматын кылат. Албетте, азырынча алдыдагы кадамдар бүдөмүк. Өмүрбек Токтогулович өлкөгө келип калса терең ойлонуп, партияны иштетип кетет деген үмүт чоң. Же партияны ичинен бирөөнү тандап, бирөөнү чыгарат деген ой бар.

—Демек, Бабанов жакынкы күндөрдө келип калат десек болобу?

—Тилекке каршы, Өмүрбек Токтогуловичтин мамлекетибизге кереги жоктой болуп калганы өкүндүрөт. Миллионго чукул элдин добушуна ээ болуп, шайлоодо экинчи орунду камсыздагандык өзү бул чоң жетишкендик. Ошондой ийгиликти багындарган жигит куугунтукка алынып, сыртка сүрүлүп кеткени абдан кейиштүү окуя оолду. Өнүп-өсө турган мамлекеттер мындай ишке барбайт. Тескерисинче, эл колдоосуна ээ болгон кишилер шайлоодон кийин бир пикирге келип, бири президент, экинчиси премьер болуп иштеп, өлкөнү өстүрүп жаткан көрүнүштөр арбын. Бул жааттан алганда, элитада саясий маданият калыптанбай жатканы ачык көрүнүп турат. Бизде жеңгени кууп чыкканга, жеңилгени качып кеткенге көнүп калды. Качан гана жеңилгендер жеңилдим деп ыйлабай, жеңгендер өкүмзордук менен кордобой калганда иш алдыга жылат.

—Президенттин ишине кандай баа бересиз?

—Башмыйзам боюнча Президенттин негизги миддети тышкы мамилеге байланган, ал жагынан азыр Кудайга шүгүр жакшы жүргүзүп жатат. Байланышы бар бардык мамлекеттер менен ынтымакты чыңдап, достукту бекемдеди. Ал эми ички саясат чабал жүрүп, өкмөт өтө көп кемчиликтерди кетирип жатат. Бул азыркы премьер-министрдин алсыздыгынан деп ойлойм. Эгер премьер-министр күчтүү болгондо кырдаалды жөнгө салып, экономиканы жолго коймок. Инвесторлор чочуп, келбей жатат. Ал эми коррупцияга каршы күрөштү негизи өкмөт жүргүзүшү керек эле, бирок алар президентке арта салып, эч кандай кадам жасаган жок. Үстүндөгү миллиондорду кустурганга президент киришкени менен ылдыйы ошол бойдон былгып, бала-бакча, мектеп, ооруканалар мурункудай элдин жон терисин сыйрып жатат. Муну өкмөт көзөмөлдөп, тамырын кыркышы керек эле. Жөнөкөй элдин күнүмдүк турмушундагы коррупцияны тыймайын, жогору жактагы миллиондорду кустуруу менен коррупция тыйылды деп айтыш кыйын. Кыскасы, президент кыймылдаганы менен өкмөттөн чечкиндүү кадамдар болбой жатат деп ачык айтам.

—ЖЭБтеги коррупция боюнча түрдүү сөздөр тарап, саясий куугунтук башталды деген ойлор да айтылууда, чындыгы барбы?

—Коррупцияга каршы күрөш тегиз, бир кылка кетпесе эл арасында сөзсүз нааразылык пайда болот экен. Мисалы азыр ЖЭБ боюнча башталды, бул жакшы, бирок башкасы туруп калды. Чындыгында ЖЭБтегидей кыңыр иштер ири курулуштардын баарында, Транспорт, Билим, Саламаттыкты сактоо жана башка бардык министрликте, аэропортто, салыкта, бажыда бар. Ушунун баарына бирдей киришсе туура болмок. Азыр эл арасында бир гана тармак текшерилип, экс-президенттин командасына гана багытталган күрөш башталды деген сөздөр тарап жатат. Эки стандарттуу болуп калды, уурдагандар басып жүрөт, уурдаптыр дегендер камалды дешүүдө.

—Андай сөздөргө Жантөрө Сатыбалдиев мисал боло алабы?

—Ооба. Бардыгын баштап, келишимди түзгөн киши ак болуп, анан ишти аткарган, бүтүргөн кишилер кара болуп калганы, камалып кеткени туура болбойт да. Баары тегиз жооп бериш керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: De Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: