Menu

Акылбек Жамангулов: Сындай эле бербестен, өзүмдү дагы сынап көрөйүн дедим

Бөлүшүү:

-Акылбек мырза, сиз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жетекчи болуп кетип жатыптырсыз. Өз каалооңуз менен кетип жатасызбы же фракциянын чечими болдубу?

– Ооба. Бул боюнча биздин «Республика – Ата-Журт» фракциясынан сунуштама берилип, премьер-министрге жөнөтүлдү. Мен өзүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрсөм деген максатым бар болчу, ошол себептен фракцияның, сунушуна макул болдум.

– Өкмөт ишине аралашкан жаштар тез эле булганып, «аксап» калууда. Сизде чочулоо сезими болгон жокпу?

– Эми мен макулдук берээрден мурда көп ойлондум. Натыйжада өкмөткө жардамым тийсе, кардиналдуу реформаларды жүргүзсөм деген максатта бара жатам. Депутаттык ишмердүүлүгүм эки жылдан ашты. Мен үчүн чоң тажрыйба болду. Эми сындай эле бербестен, ичтен аралашып, өзүмдүн потенциалымды дагы сынап көрүүнү туура көрдүм. Албетге, булганчу киши кайсы жерде болсун булганат. Булгап коюунун түркүн жолу, амалы бар. Демек, өкмөт мүчөсү болосуңбу, депутат же саясатчы болосуңбу өз ишиңе так болуп, мыйзам чегинде иш кылсаң эч ким эч нерсе кыла албайт.

– Жетекчи болуп барып калсаңыз ишти эмнеден баштайсыз?

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети өтө чоң тармак. Биринчиден, өнөр жай тармагын көтөрүү, инвестиция тартуу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга аракет жасайм. Экинчиден, кен байлыктарды иштетүү, лицензия берүү боюнча башаламандыктарды жөнгө салып, тартипке келтирүү жагын жолго коём. Үчүнчүдөн энергетика жаатындагы кемчилик-артыкчылыктарды анализдеп, кышка даярдык көрүү иштерине көңүл бурам. Эң негизгиси мамлекетке пайда алып келе турган кыска, орто, узак мөөнөттө иштей турган үч багыттагы программаларды чукул аралыкта иштеп чыгып, өлкөгө жарагы тие турган кылабыз.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: