Menu

Жалал-Абадда көп кабаттуу 18 үй борбордук жылуулукка кошулат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында 200дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр болсо, алардын араң гана 40ы борбордук жылуулук берүү тармагына туташып келген. Калган үйлөр өз алдынча же электр кубатын пайдалануу менен жылытылат. Бул туурасында Жалал-Абад мэриясынын маалыматык борбору билдирет.

Электр кубатын көп пайдалануудан керектөө көбөйүп, жарык берүү үзгүлтүккө учураган учурлар кездешет. Мындай кезде биринчи кезекте үйлөрү борбордук жылуулукка туташтырылбаган үй-бүлөлөр, жаш балдар менен кары-картаңдар кыйналышат. Эми ушундай көрүнүштөн арылуу үчүн шаардагы жылуулук ишканасы кышка карата көптөгөн кабаттуу үйлөрдү борбордук жылуулук берүү тармагына кошууну башташты.

Жалал-Абад шаарындагы “Спутник” кичи районунун жашоочусу Бурул Мамаюсупова көп кабаттуу үйдө жашаганына  4 жыл болду.  Кышкысын үйүн электр кубаты менен жылытат. Ар бир бөлмөнү жылытуу үчүн көп каражат кетсе, бир чети электр менен жылытуу кооптуу да. Кошуналары менен чогуу жылуулук мекемесине кайрылып, борбордук жылуулукка кошууну суранышкан. Эми шаардагы жылуулук ишканасынын аракети менен ал жашаган үйдө кышкысын жылуулук берилет.

Аталган жылуулук ишкана кышында үйлөрдү жылуулук менен толук камсыз кылуу аракетин быйыл эрте башташты. Жаңыдан  5 от казаны курулуп, алар пайдаланууга берилүү алдында турушат. Ал эми үйлөргө жылуулук берүү үчүн баары болуп 17 от казан болсо, азыркы кезде анын 14ү иштейт.

Шаардагы үйлөрдү борбордук жылуулукка өткөрүү ишине “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасы жыл башынан каражат бөлгөн. Жалпы иштердин көлөмү 10 миллион сомдун тегерегинде. Борбордук жылуулукка улануу чыгымдарынын 20 пайызын гана абоненттер төлөсө, калган 80 пайызын мамлекет каржылайт.

Буюрса, Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы 18 көп кабаттуу үй борбордук жылуулукка кошулат. Буга чейин тургундар жылытуу тармагына кошуу тууралуу шаар бийликтерине да кайрылып келишкен. Быйылкы жылдын акырына чейин 200 көп кабаттуу үйдүн 58и борбордук жылытууга кошулган болсо, эми калгандары качан туташаары азырынча белгисиз. Анткени, буга чейин бир катар көп кабаттуу үйлөрдүн тургандары борбордук жылытуу тармагына кошулууну каалабай келишкен.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: