Menu

Умар Жунусов, милициянын полковниги: Таласта аялдын көйнөгүн кийип качып кеткен Данияр Абдыкаров ИИМден кетмейинче, кыргыз милициясы оңолбойт

Бөлүшүү:

Умар мырза, гезитибиздин өткөн санында ишиңиз тууралуу аиттыңыз эле. Жыйынтыгы кандай болуп жатат?

-Биринчиден сиздердин жамаатка ыраазычылык айтам. Чындыкты тайманбай жазып келе жатасыздар. Бүгүнкү айт майрамыңыздар менен сиздерди жана жалпы мусулман туугандардын баарысын куттуктайм! Ошондой эле биздин милиция кызматкерлерин, ардагерлерди куттуктайм. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бар го, Кудай буюрса соттон утуп алдым. Чүй облусттук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги мени кызматтан кетирүү боюнча буйрукту жокко чыгарды. Азыр мага иш берүүсүн күтүп жатам.

-Кайсыл кызматка коёбуз деп жатышат?

-Мурдагы ГУУР, азыркы Криминалдык милицияга, кайра эле өзүмдүн ордума барып иштейм го. Тажрыйбам жетиштүү, ошол тажрыйбамдын негизинде кылмыштуулукка каршы күрөшүп, эл үчүн, Мекеним үчүн кызмат кыла берем. Учурда элдин милицияга болгон ишенимин жоготуп салышпадыбы, ошол ишеничти актаганга болгон күчүмдү жумшайм. Өзүмдөн кийинки балдарга иш тажрыйбамдан бөлүшүп, жардам бергенге даярмын.

-Умар мырза, Сиздин иштен кетүүңүзгө ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаровдун тиешеси бар экенин айткансыз. Ал киши дагы деле кызматта. Эгер кайрадан иштеп калсаңыз, ал киши тараптан кайрадан кысым башталбайбы?

– Мен өзүмдүн тазалыгымды, актыгымды сот аркылуу далилдедим. Менин ишиме бут тосууга Абдыкаровдун акысы да жок. Анын үстүнө Абдыкаровдун доору бүттү. Учурдагы министр Кашкар Жунушалиев Абдыкаровдун эркелеп, тайралаңдашына жол бербейт. Анткени, Кашкар Жунушалиев өз ишин мыкты билген, профессионал жетекчи. Улан Исраилов иштин көзүн билбегендигинен улам, Абдыкаров ИИМди өз менчигиндей пайдаланган. Азыр бул жигит кызматта отурууга моралдык укугу жок. Мен буга чейин министрге да, анын орунбасарларына да кайрылгам, бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Акыркы жолу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылгам. Ошонун негизинде арызым ЖКда текшерилди. Кудай жалгап бизге министр болуп Кашкар Жунушалиев келип калып, бардыгы акыйкат чечиле баштады. Жаңы келген министр менин арызым менен ИИМден атайын комиссия түзүп, анын жыйынтыгы менен чечимдер туура кабыл алына баштады, бардыгы мыйзам чегинде болуп жатат азырынча.

-Демек, Кашкар Жунушалиев турганда, Данияр Абдыкаров өз билгенин жасай албайт экен да?

-Өз билгенин жасаганга азыркы министр жол бербейт. Бул министр тажрыйбалуу, бирөөнүн тилине кирбеген, ез ишин мыкты билген адам. Даниярга окшогондун далайын көргөн десек да болот. Эмне дегенде, Жунушалиев министр болуп келээри менен Абдыкаровдун куйруктарын тазалады. Өздүк коопсуздук кызматынын башчысы Кочорбаев, кадрлар кызматынын башчысы Имангазиевди кызматтан алды. Негизи буларды Жунушалиев мурда министр болуп турганда эле кызматтан кетирген шалаакылык боюнча. Кийин Атамбаев Жунушалиевди реформа жасай албайсың деп кетирип, ордуна жансакчысын алып келип койгондо, тигилер кайра келип алышкан. Көп маселелерди Абдыкаров, Имангазиев, Көчөрбаев чечип калышкан. Туугандарын, өкүл балдарын, тааныштарын чоң кызматтарга дайындашкан. Милициянын авторитетин мына ушулар түшүрүп салышкан. Бул тууралуу бардык массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 2010-жылы Абдыкаров Талас милициясында башчы болуп турган. Ошондо министр Молдомуса Конгантиевди жаалданган элдин арасына салып берип коюп, өзү аялдын көйнөгүн кийип качып кетиптир. Өткөндө Садыр Жапаровду да камаарда Абдыкаров Турцияга кетип калган. Бул өзү коркок! Таластан качып кеткенде канчалаган курал-жарактар элге өтүп кетти, канчасы бандиттерге кетти. Алардын баарысы жыйналган жок. Ошол ишке түздөн-түз Абдыкаров күнөөлүү. Мындан сыртка-ры, 11-ГОМдун кызматкерлери ызы-чуу көтөрүп чыгышкан, “отметка” алат деп. Алар Абдыкаров иштен кетсе, далилдүү фактылар менен болгон чындыкты айтып берүүгө даяр турушат. Дем алыш күндөрү аталган ГОМдун кызматкерлерине салык салып, баняга түшчү экен. Ал жерге ар кандай адамдарды алып барып, айтор чардап эле жүрүшчү экен. Керек болсо бул боюнча запистер бар экен. Коркуп айтпай жатышат. Кызматтан кеткенден кийин ошонун баарысы чыгат. Мен башкармалыктын башчысы болуп турганда, унаа боюнча бөлүмдө үч кызматкер бар болчу. Алар Абдыкаровдун Россиядан келген жол тандабас машинеле-рин угуп калып, Медерова-37деги үйүнө барышса эч ким чыкпай коёт. Алар Абдыкаров жашаарын билишкен эмес да. Анан Абдыкаровдун Орол деген байкесинин Мырза деген баласы бар. Ошол бала келип менин кызматкерлериме айтат, “братанымдын үйүнө эмнеге бардыцар, ал азыр жинденип жатат” – деп. Анан көп өтпөй эле мендеги үч кызматкерди үч башка жакка айдап жиберди. Оролдун баласы Мырзаны эки ай иштегенден кийин дароо эле чоңойтуп жиберди. Аламүдүн милициясында жакшы иштеп жаткан Адис деген баланы кетирип, анын ордуна начальник ОУР кылып койгон. Эки ай өтпөй эле, райондук милициянын башчысынын орунбасары кылып дайындап салган.

-Эмнеге?

-Эмнеге дегенде, жанагы Оруссиядан келген Джиптер Аламүдүн районунун территориясынай өтөт экен. Ошону көзөмөлдөтүш керек болгон да. Мына ушундай жерлерге өзүнүн кадрларын дайындап турган.

-Жайыл райондук милициясынын иштен алынган башчысы да Абдыкадыровдун кишиси деген чынбы?

-Ооба чын. Профессионал эмес кадрларды дайындаганы үчүн, Бурулай деген карындашыбыздан айрылып калдык да. Исмаиловдун иш билбегендигинин айынан милициянын ичинде адам өлтүрүү болуп жатат. Мунун артынан жалпы эл милицияны жаман көрүп калды да.

-Криминалдык милициянын башчысы Нурбек Абдиев, ЖК депутаты Нышановдун суроосуна жооп бере албай какай калды. Бул боюнча эмне дейсиз?

-Мен да ошону интернеттен окуп калдым. Бул жигитти да, анын орунбасарларын да Абдыкаров дайындаган. Кадр жаатында өсүүгө көңүл бурулган эмес. Ылдыйкы тепкичтерди басып өтүп, анан жогорку тепкичке чыгуу деген жок болуп калды бизде. Жаңы түзүлгөн Криминалдык милицияга өзүнүн кишиси Болпоновду алып келген, анан аны кетирип, ордуна азыркы Абдиевди койгон. Негизи илгертен ошол жерде ипггеп келген Абдраим Жумашаевди коюш керек болчу.

-Жакында Абдыкаровду министрден макулдук албай Турцияга кеткени боюнча коомчулукта ызы-чуу чыкты. Негизи процедурасы кандай?

-Эгерде анын ордуна карапайым катардагы милиция ошентип кетип калса, дароо иштен алышып кылмыш ишин козгошмок. Абдыкаровдуку таптакыр гуура эмес. Муну коопсуздук комитеттери караш керек. Кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканда муну иштен четтетип гуруш керек болчу. Кайдан билебиз, балким Турцияга купуя сыр-парды ташып барып кайра келип жатат. Жапаровду ызы-чуу кычып камап жатканда да Турцияга барып келгенин айтпадымбы башта. Текшериш керек да, эмнеге эле Турцияга каттап жатканы 5оюнча. Биз эки-жакка чыга турган болсок, жетекчиликке билдирүү берип анан чыгабыз. Процедурасы ошондой. Абдыкаров деген ИИМдеги 2-З чү киши болуп аткандан кийин буга сыртка өтүүгө таптакыр болбойт.

Абдыкаров генералдык наамга татыктуу деп ойлойсузбу?

-Атамбаев кетип жатканда жалаң өз кишилерине генералды бербедиби. Жансакчысы Улан Исраиловдуку жомок болуп жатат. Милицияга майор менен келип, үч жылдан кийин дароо генералды алып жатат. Мындай нерсе тарыхта биринчи жолу болду. Уят эле. Исраилов өзү деле уялып жатса керек азыр. Абдыкаровго генералдыкты Таластан аялдын көйнөгүн кийип качып кеткени үчүн бердиби? Мына Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачьшбаган бойдон калды. Ошол ишти Абдыкаров карап жаткан да. Генерал, Эрдик деген наамдар мамлекетке татыктуу кызмат кылгандарга, резонанс кылмыш иштердин бетин ачканда гана берилет. Мен бая эле айткам, жигит болсо, чыныгы генерал болсо, рапортуй жазып кетип калмак.

-Абдыкаровду ким эмне деп айтышпасын ал кызматынан кетпей жатпайбы. Балким анын ордуна татыктуу кадрлар жоктур?

-Эмнеге жок? Четинен чыгат. Абдыкаровдон миң эсе күчтүү кадрлар бар. Мисалы, Капар Батырканов, Калыбек Сатыбалдиев, Рыскул Жапаркулов, Жумашаев Абдраим, Рафик Мамбеталиев деген мыкты профессионал кадрлар бар. Мисалы мен эмне үчүн боло албайм, мен деле тажрыйбалуу кадрмын. Абдыкаровдун айынан айдалган жыйырмадай кызматкер учурда соттон уттук. Ошол кызматкерлер, ардагерлер чогулуп, Президентке кайрылуу жасаганы жатабыз. Президент менен Премьер-министр Абдыкаровго тиешелүү чара көрүп, иштен алышпаса арты кандай болоорун билбейбиз. Чынын айталы, милициялар бул жигиттен чарчашты, тажашты. Стлердин гезит аркылуу кайрылып кетейин Президентке. Урматту Сооронбай Шарипович, 1-февралда Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүңүздө айттыңыз эле. Августтун аягына чейин ИИМдин кадрдык саясатын жөнгө салуу боюнча. Ошол маселени аягына чыгарууну көзөмөлгө алууңузду суранабыз. Абдыкаров иштен кетмейин милициянын иши оңолбойт. Учурда Кашкар Жунушалиевдин мойнунда чоң жүк турат. Эл менен милициянын ортосундагы мамилени чыцдоо, жакындатуу, ишеним арттыруу сыяктуу. Сизден суранабыз, Абдыкаровдун маселесин чечип бербесеңиз, нааразычылык көп болуп жатат.

Баян Кулова

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: