Menu

Коргоо министрлиги жана энергетика министрлиги кайра түзүлөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешке отчет бергени келген өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев сентябрь айында өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча сунуш киргизээрин айтты. Ага ылайык, Коргоо министрлиги менен Энергетика министрлиги кайра түзүлөөрүн белгиледи. Ал бул туурасында: “Белоруссияга барганыбызда Россиянын коргоо министри Шойгу жана башка министрлер болушту. Биздин атыбыздан Генштаб менен коргоо комитетинен барышты. Мен биздин өкүлдөргө болгон алардын мамилесин көрдүм. Терс көз карашта болушту”, – деп айтты. Ал эми энергетика боюнча: “Энергетика тармагында абдан чоң көйгөй бар. Акционердик коом, мамлекеттик комитет кылып түзгөндү карап жатабыз. Мен ачык эле айтайын, көйгөйдөн алаксытуу үчүн түзүлгөн тармак. Бюджетке салым кошчу тармактарды бир жерге берип, ишин билбеген жетекчилерди койгон. Азыр мен анализ кылып жатам”, – деп билдирди.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: