Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Игорь Чудинов өзүн мандаттан ажыратуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин “шашылыш чечим” деп атады. Ал ошондой эле ага карата сот өкүмүн мыйзамсыз деп баалады. Бул тууралуу: «БШКнын отурумуна мени да, менин адвокатымды да чакырышкан жок. Мага алардын чечими таптакыр түшүнүксүз болду» – деп каңырык түтөттү. Бирок «сот өкүмүн мыйзамсыз» деп баалаганын-да чындык бардай. Дегенибиз, эң негизги күнөөкөр Чудиновду 5 миллион сом айып менен куткарып, Карганбек Самаковду 11 жылга кесүү чындап мыйзамсыз болгон десек жарашат. Демек Чудинов ман-датынан эле ажырабай, абакта отуруш керек болчу. Мына ушул нерсеге Чудиновдун ичи ачышып жатат. Күйгөндөй эле бар. Баса, эми Чудиновдун ордуна “Бир Бол” партиясынан Бактыбек Турусбековго мандат берилди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ