Menu

Жалал-Абадда балдарга майрам тартууланды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлө тибиндеги “Ак-Бермет” жана “Ак-Жол” балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына шириндиктер таратылып, эс алуу багындагы аттракциондордо акысыз ойношту. Бул иш-чара шаарда жарыяланган балдарды камкордукка алуунун “Балдар – биздин келечегибиз” аталышындагы бир айлык иш-чараларынын алкагында жүргүзүлдү.

Бул кайрымдуулук иш-чарасы шаардык кеңештин депутаты Адилбек Жоробаевдин демилгеси менен уюштурулду. Депутат эми бул иш-чара менен эле чектелип калбастан, аярлуу балдардын мүдөөлөрү үчүн дагы да аракет кыла бере турганын айтты. Биринчи кезекте алардын билим алуусу, коомго аралаша билүүсү жагына көңүл бурулат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 25-майдан 25-июнга чейин балдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Анын алкагында шаарда ар тараптуу иш-чаралар өтүүдө. Ал эми Жалал-Абад шаарында 35 тоголок жетим балдар, 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген 428 бала, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 2 миңден ашуун балдары бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: