Menu

Ташкент «Талибан» менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөнүн билдирди. Мындай маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Өзбекстан ТИМинин расмий билдирүүсүнө ылайык, качан жана кайсыл жерде болгондугу айтылбаган бул жолугушуулар быйыл 27-мартта Ташкентте өткөн Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган.

Билдирүүдө бул аралыкта өзбек тарап Ооганстан өкмөтү, АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, Эл аралык контакттык топко мүчө өлкөлөрдүн, ошондой эле Евразия аймагындагы, Түштүк Азия, Орто жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин өкүлдөрү менен бир канча жолу консультативдик жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү айтылган.

Ошондой эле анда Ташкент Орозо айтка байланыштуу ок атууну токтотуу тууралуу Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы макулдашууну кубаттай тургандыгы жана өзбек тарап бул элдешүү мөөнөтсүз мүнөзгө ээ болот деп үмүттөнүп жатканы жазылган.

Бирок талиптердин өкүлдөрү Орозо айт майрамы аяктаганга чейин эле Ооганстан өкмөтү сунуштаган ок атууну токтотуу режиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: