Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев Баткенде селден жабыркаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунда сел каптаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышып, жапа чеккендер менен жолугушту. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов 2018-жылдын 13-майында Чимген айылында сел каптоонун кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен тааныштырды.

Анын айтымында, учурда жолдорду жана социалдык объектилерди, чарбалык маанидеги имараттарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Аны менен бирге мында селден жабыркаган көпүрөнүн дамбасында оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам тартипте аяктап, калктуу жерлерди өзгөчө кырдаалдардан сактоо жана алдын алуу чараларын көрүүнү милдеттендирди.

“Суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар райондордо туруктуу негизде мониторинг жасоо керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерине дыкат көңүл буруулары шарт. Азыркы түзүлгөн жагдайда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү керек”,– деди ал.

Калган айылындагы селдин натыйжасында жапа чеккендер менен жолугушууда Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жерлерди трансформациялоо маселесин чечерин баса белгиледи.

“Аймактардын жашоочулары турак жайды камсыздандыруу канчалык маанилүү жана зарыл экенин түшүнүүлөрү керек. Бул табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдү калыбына келтирүүдө жардам берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселеде калк менен кыйла активдүү иштөөсү кажет”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесиндеги Исфана-Кайрагач унаа жолундагы иштердин жүрүшүн текшерди.

“Иштер график менен жүрүп жатканы көрүнүп турат, эч кандай маселе жок. Сапаттуу жолдор – жашоонун артериясы. Муну эске алуу менен биз өз ишибизде аймактарда инфраструктураны өнүктүрүүгө зор көңүл бурабыз. Тиешелүү инфраструктурасыз республиканын калкынын басымдуу бөлүгү жайгашкан динамикалуу өнүккөн аймактарды элестетүү мүмкүн эмес”, – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: