Бүгүн, 19-июнда Москвада КР Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугуп, укук коргоо багытындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Генерал Колокольцев Россия Федерациясынын ИИМи менен Кыргыз Республикасынын ИИМнин ортосундагы кызматташтык коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эки тараптуу форматта натыйжалуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи. “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын ийгиликтүү жүргүзүлүшүнө кыргыз тараптын да кошкон салымы зор болгондугун баса көрсөттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев Кыргыз Республикасынын ИИМине кадрларды даярдоо багытында колдоо көрсөтүүгө убада кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ