Menu

Алмаз Усеновго кылмыш ишин козгоо даярдалып жатат

Бөлүшүү:

Алмаз Усеновдун экс-президент Курманбек Бакиевдин басма сөз кызматындагы иштеген иши жагып калганбы айтор 2010-жылдагы мамлекеттик төнкөрүштөн кийин Алмаз Атамбаев аны чакырып алып, өзүнүн басма сөз кызматына жумушка алган. Анан 7 жыл бапестеп кызматтан кызматка көтөрдү. Президенттик аппараттын жетекчиси кызматына татыктуу болбосо да атамбаевчиликке салып, ал кызматка да койду. Акыры Атамбаевдин бийлиги аяктап, отставкага кеткенде анын чачпагын көтөрүп, анын акчасына “Форум” ишканасында “Апрель” телеканалын ачып, бир нече сайттар менен гезиттерди каржылап, акыркы учурларда Сооронбай Жээнбековго карай маалыматтык согушту жүргүзө баштаган. Анысы го мейли, бирок ал фейктердин аты менен регионалдык ажырымды козуткан материалдарды жазып жарыялай баштаганда улуттук коопсуздук кызматынын адистери сары изине чөп салып, ал бузукуну издешсе IP адреси Алмаз Усеновдун компьютерине алып келиптир. Ошол жерден ал Атамбаевдин оппоненттерине каршы иштеген ондогон троллдорду башкарары да ачыкка чыгыптыр. Коопсуздук кызматынын адистери менен “аңгемелешүүдөн” өткөндөн кийин Алмаз Усенов “Форумга” барып, “мен саясаттан кеттим, бизнеске өтөм” деп басып кеткен. Ошондон бери Усеновдун каараны “Форумдан” көрүнбөйт. Атамбаевдин троллдору эми жумушсуз калабы же аларга эми Фарид Ниязов көзөмөлдүк кылып иштетеби, азырынча белгисиз. Бирок коопсуздук кызматкерлери Алмаз Усеновго региондор аралык ажырымды козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого материалдарды даярдап жатышканы айтылууда.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: