Menu

Тажикстан: 14 жаштагы өспүрүм 7 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын Гиссар шаардык милициясы 14 жаштагы өспүрүм тарабынан 7 жаштагы кыздын ыктымал зордукталышы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Шектүү бала кыздын ата-энеси укук коргоо коргоо органдарына арыз менен кайрылгандан он күн өткөндөн кийин суракка алынды.

Мындан тышкары кылмышты жашырууга шектелген дагы бир өспүрүм милицияда бир нече саат сурак берди. Кыздын туугандары кылмышты коңшуларынын 14 жаштагы баласы жасаганын айтышууда.

«Кызды зордуктагандан кийин ал моюнуна бычак такап, бул тууралуу башкаларга айтсаң өлтүрүп салам деп коркуткан. Ошондуктан алгачкы күндөрү кыз бул жөнүндө эч кимге айткан эмес», – деп билдиришти алар.

Туугандарынын айтымдарында, кыз эртеси ичи катуу ооруп атканын айткан. Үйдөгүлөр такып сурай баштаганда ал коңшу бала кол салганын билдирген. Бул боюнча өткөрүлгөн медициналык экспертиза зордуктоо фактысын аныктаган.

Кылмышка 14 жаштагы өспүрүм шектелүүдө. Бирок укук коргоо органдарынан кылмышты жашырууга шектелип жаткан 15 жаштагы өспүрүм кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн билдиришти.

Зордуктоо фактысы боюнча милицияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчысы жана мектеп директору дагы чакырылган.

Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тарта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгер адам өлтүрүү, зордуктоо же уурулукка күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар дагы соттолот. Өлкөнүн Кылмыш кодексинде зордуктоо үчүн үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: