Menu

Түркмөнстанда жол полициясы алган пара өлчөмү көбөйдү

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда жол полициясынын кызматкерлери аймактар аралык Ашхабад-Дашөгүз жана Ашгабат-Мары-Лебап унаа жолдорундагы пара өлчөмүн үч эсеге жогорулатышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкө ичиндеги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

«Жол полициясынын кызматкерлери радар менен жашырынып, катуу бараткан унааларды токтотуп жатышат. Эгер 40 манат (10 доллардан ашык) төлөбөсөң, протокол толтурабыз деп коркутушат. Ал болсо айдоочулар үчүн өтө эле кымбат болуп калат», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, эки ай мурда ушундай эле эреже бузуу үчүн талап кылынган сумма 10 манаттан ашчу эмес.

Лебап жана Мары облусунда жашаган айдоочулар трассада катуу ылдамдыкта айдагандыгы үчүн гана эмес, Жол полициясынын постторунан өткөндүгү үчүн да акча төлөй тургандыктарын айтышууда.

«Ашхабад менен Лебаптын ортосунда Жол полициясынын 10го жакын посту бар. Жазылбаган эрежелерге ылайык, эми бул посттон өткөндө полиция кызматкерине 10 манаттан төлөш керек. Буга чейин бул төлөм 5 манат болчу», – деди лебаптык 45 жаштагы айдоочу.

Түркмөнстанда акыркы кездери доллардын көмүскө базардагы баасы өсүп, 30 манатка чейин жогорулады. Андан тышкары өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, дүкөндөрдө кезек күткөндөр көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: