Menu

Канча жойлосоң да барар жериң түрмө экен!

Бөлүшүү:

Коррупцияга карты күрөш жүрүп жатканына кечээ барып чындап ишендик. Анткени, көптөн бери коррупционер экени билинип, эл арасында кенен айтылып, бирок, кылмыш иши козголбой, тергелбей, камалбай, камалмак турсун телевизордон кези менен чыгып алып «мен тазамын» дегенден арбын айтып, элдин кыжырын катуу кайнатып келген Жантөрө Сатыбалдиев деген эргул камакка алынды! Өлчөөсү өзүндө болсун, камалганы сонун болду! Кылмыш кылдыңбы, баары бир күндөрдүн бир күнүндө колго түшүп бүжүрөгөн абал келери бар экен… Жантөрө Сатыбалдиевдин камалышы ашынган далай коррупционерлердин жүрөгүн түшүрүп таштады дечи, түшсүн, түшмөк тургай согуудан калсын!

Жылма былгатып жүргөндөр өтө коркунучтуу болот. Алар бир нерсеге жоопкер болуудан качат, жаман иш болуп кетсе четке чыга берет, мурун эле ошол жолун даярдап коёт… Алар сагызгандан сак, түлкүдөн куу болот. Бирок, «сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» дегенге тагдыры такалып турат! Бул сыпаттама Сатыбалдиевге багышталды…

Сатыбалдиевдин баскан жолуң карасаңыз, не бир сонун иштерде иштептир: Ош шаарына мэр болуптур, анан депутат, «Кателге» жетекчи, Ош облусунун губернатору, транспорт министри, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дерекирлигинин деректири, премьер-министр. Көрдүңүзбү, «мер» деген акчалуу иштердин баарында иштеген, бардык жерде коррупциялык ишин улантып келген! Бирок, ошол коррупциялык ишин жашырып, жай аккан суудай бсшуп, өлүмүш болуп, кудайы момун кейпин кийип… жүргөндө.

Сатыбалдиевдин арааны Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүнүн деректири болуп жүргөндө катуу ачылган дешет. Болгонун оңдобой айткан оң болот- анын ошол жеген акчалары кайгыдан, өлүм-житимден тапкан акчалар! Ошол акча кантип тамагынан өттү десең?! Ал транспорт министри болуп турганда жол боюнча тендерлердин баарынын башында туруп, каалаган чалма-кейин чалчу экен. Анан да анын «мистер 10 процент» деген да аты бар эмеспи…

Эми тиешелүү органдар Сатыбалдиевдин кылган-турганын кылдат изилдеп-иликтеп накта жазасын берет деген тилек бар. Сатыбалдиевдин камалышына журналисттер журту да жалпы журт менен кошо кубанып турабыз. Таба эмес, тобо дейли. Ар бир коррупционер билип койсун: алардын барар жери түрмө! Эми эл оозунда айтылып жүргөн коррупцияга шектүүлөр: Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов окшогон ондогон адам дар да камалып, күнөөсүнө жараша жооп бериши керек деп күтөбүз… аябай күтөбүз!

Баратбай Аракеев

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: