Элге жедеп жек көрүнгөн ИИМдин орун басары болуп эки-үч жылдан бери иштеп, далай иштерди былгыткан Данияр Абдыкаров акыры кызматтан айдалды. Бирок жоопко тартылбай, “таза” имиш болуп кетти. Эми анын ордуна полковник Мирлан Каниметов дайындалды. Мирлан мырза жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери ИИМде ишинде кайнап келет. Буга чейин ал уюшкан кылмыштуу топко каршы башкармалыгында бир топ жыл иштеп, кийин жетекчи да болду. Айтор, ал Кыргызстанда ким “кара”, ким “ак”, баарын билет. Маалымат көп. Эми ошол маалыматтардын негизинде мамлекетке зыян келтирген “караларды” бери болгондо камайт, же ары болгондо качырат. Буга духу да жетет. Эмесе, иш билги Каниметовдун жаңы жооптуу ишине ак жол каалайбыз. Орун басар катары дагы жакты иштеп койсо, жакынкы жылдары министр болуп калышы да толук мүмкүн.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ