Menu

Жолдошбек Бектурганов, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси: Албек Ибраимов менен “Манаста” жакшы эле иштерди баштаганбыз, анан эле…

Бөлүшүү:

—Жолдош мырза, сиздин ишмердүүлүгүңүздү бир беткей чагылдырган “күңгөй-тескей” маалыматтар соңку убакта маалымат каражаттарынан гана эмес, парламенттин трибунасынан да депутаттар тарабынан көп айтылчу болду. Бир эмес, беш учакты пулдап, сатып ийгениңизди ачыктай аласызбы?

—Рахмат. Мага түз кайрылып жооп сураганыңызга, эми мындай суроолор бир авиакомпанияны банкрот кылуу же арзан сатып алуу боюнча кызыкдар жактардын тарабынан болуп жатса керек, мен ага көңүл бурбай деле койсом болмок, бирок бир тараптуу каралоо иштери жүрүп жатат, авиакомпанияны мен 8 жылдан бери башкарып жатам. 2010-жылы ушул кызматка келген күндөн бир айдан кийин карызыңарды төлөгөн жоксуңар деген шылтоо менен ОАО «Кыргызалтын» банкротко берген, бирок ошол кездеги Убактылуу Өкмөткө мен кайрылып 2 жыл аралыгында карызды төлөп берүү боюнча соттон милдеттеме алып толук кутулганбыз, 2011-2017-жылдардын аралыгында да Өкмөттүн жардамы жок эле Боинг үлгүсүндөгү учактарды чет өлкөлүк компаниялардан лизингге 3 учак алып иштетип баштаганбыз, бирок 2014-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мурдагы паритеттик келишимди анализ кылбай туруп (жүргүнчүлөрдүн санын анализ кылбай) өзгөрүлүп жумасына 14 жолу уча турган Москва багыты 36 га көбөйтүлүп өзгөртүлгөн, бул деген күнүнө Москвага 5 жолу уча турган деп түшүнсөк болот. Ошко ушунча рейс жок, Россия тарабынан жаңы ири авиакомпаниялар кирип тарифтерди демпинг абалына жеткизип, өзүнүн баасынан арзан сатууга мажбур болгонбуз, ошол кездеги жетекчилерге кайрылып, бирок маселе чечилбей калган. Бул көрүнүштөн Россиялык авиакомпаниялар утуш таап, жергиликтүү авиакомпанияларды рыноктон сүрүп чыгаруу компаниясы бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат, бизден айырмаланып алар чоң самолётторду бул маршрутка коюп жүргүнчүлөрдүн айырмасынан пайда табышты.

Эгер ушундай темп менен уча беришее жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот абалына учурашы толук мүмкүн. Азыркы күндө авиакомпаниябызга жакшы инвесторлор келсе деп чет өлкөлүк же ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жазылгандай бардык алынган учактар сатылбай эле компаниянын балансында турат. Чогулган активдер карыздын деңгээлинен көп эле арбын, компаниянын эң негизги активи бул ар тарапка уча турган лицензиялар, биз аны эч кимге бербей учактар, ишкананын офиси, учкуч-техникалык базасы менен чогуу инвестициялык пакетке киргизип койгонбуз, келген инвестор ишти дароо башташына толук мүмкүнчүлүктөр бар.

—Демек, маалымат каражаттарына сиз тууралуу жарык көргөн материалдар кылдан кыйкым издөө, арылатканда чагым, кимдир-бирөөлөрдүн буйрутмасы деңизчи?

—Толук мүмкүн, мындай каралоолор мурда дагы болуп келген жана боло берет, кызыкчылык болгон жерде ар кандай болот экен.

—“Манас” аба-майданындагы Албек Ибраимовдун негизги кадрларынын башына ушул күндөрү кара булут айланып, акырындык менен кызматтарынан кош айтышаары сөз болууда. “Запастагы” аба-майдан башчыларынын тизме-синде сиздин да ысымыңыз айтылып жатат. Оомат келсе, аэропортту жетектөө тилегиңиз бар экенин жашырбайсыз да ээ?

—Мени аэропортко жетекчи болот экен деп өткөндө бир нече гезиттерге чыгып кеткенден кийин мени каралоо иштери көбөйүп кетти окшойт, азыр ар кандай шылтоо менен асыла бергендер көбөйбөдүбү, андан көрө жардам берсе жакшы болот эле.

—Кезегинде чагылгандай тездик менен парашют сымал өйдөдөн түшүп, Манас аба майданын жетектеп калган Албек Ибраимов менен иштешип калдыңызбы? Анын аэропортту жетектөө моделдери сиздин купулуңузга толду беле?

—Ал киши менен иштешип калдым, башында жакшы проектилерди ишке ашырабыз деп жакшы баштаган, транснационалдык ХАБ түзөбүз, инвесторлорду тартабыз, аэропорт жана авиакомпанияны бириктирип өнүктүрөбүз жана башка жакшы проектилерди баштайбыз деп жакшы эле сүйлошүп баштаганбыз эмне болуп кетти билбейм, кайра сүйлөшкөн проекттерибиз ишке ашпай, биз дагы бекер убакытты коротуп алдык окшойт, ошол убакта башка инвесторлор менен сүйлошүүлөрдү токтотууга туура келген, азыркы күнү деле аэропорт менен чогуу иштейли деп Өкмөткө сунуш киргизгем, азыр каралып жатат, эки компания мамлекетке тиешелүү болгондуктан бул проектинин мамлекеттик денгээлде чечилгени жакшы болот эле, эгер чечилип калса аэропортко деле, авиакомпаниям жана жөнөкөй жүргүнчүлөргө деле жакшы болмок, аэропорт ХАБ түзүш үчүн базалык авиакомпания болушу талап кылынат, жаңы каттамдарды ачууга жана жергиликтүү аэропортторду кайра ишке киргизүүгө эң жакшы болмок, азыркы күндө ар бир жүргүнчүдөн алынып жаткан 15 долларды сарамжалдуу пайдалансак учак дагы алынып, региондогу аэропорттордун дагы иштешине шарт түзүлмөк. Президент тарабынан 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп белгиленбедиби, аны аткарууда региондор аралык ички каттамдарды ачуу менен ички туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, андан сырткары социалдык катмар болгон пенсионерлер, инвалиддер жана студенттерди арзан учурууда көп көмөк бермекпиз, негизинен авиация экономиканын өнүгүү барометри катары саналат, канчалык авиация ташуулары көбөйгөн сайын экономиканын өсүшүно жардам болот деген тилектемин, бара-бара көч түзөлөт дегендей Европанын каратизмесинен чыгып, керек болсо Америкага рейс ачсак жаманбы, ошол күндөр дагы келет, каалаганым жакшы тилек жарым ырыс дейт, баарыбыз бир тилек менен биригип иш жасасак, азыркы Өкмөткө колдон-буттан алып жардам берсек, өлкөбүз өнүгүп аэропортторубуз чоң ХАБдарга айланары айдан бышык!

Мирбек Эсенгулов

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: