Menu

Илмиянов АКШга неге кетти

Бөлүшүү:

Шоопурлуктан “Серый налга” айланып, саясаттан бизнестен саясат жасап, айтор акыркы алты жылда Кыргызстандагы эн белгилүү адамга айланган айтылуу Икрам Илмияновдун азыр кайда экендиги, качан камалары уу-дуу кептерди жаратууда. Себеби айрым так эмес маалыматтарга ылайык, анын байлыгы 300 млн. долларды чапчыйт. Өткөндө мектеп жашындагы кыздары АКШда окуп, иштей тургандыгы сүрөтү менен жарыяланып, баарыбызды суктандырды. Эми ушунча түшкө кирбей турган байлыкты ал “таксовать” этип тапкан жок да. Демек, эл оозунда айтылып жүргөндөй, курулуш компанияларына Бишкектин майлуу жерлерин алып берүү, алардын лицензиясын узартуу, уруксат берүү, майлуу кызматтарга дайындоо президентке чейин Икрамдын “беседасынан” өтүп гана “добро” берилгендиги чын экен да. Өзу жакында Меккеге кичи ажылыкка кеткендиги кабарланган. Бирок, Сауд Аравиядан кайтып келген жок. Көрсө, ал жактан түз эле АКШнын Нью-Йорк шаарына кыздарынан кабар алганы учуп кетиптир. Бир чети жердеш агасы А.Шадиев да бар эмеспи.

Болду-болбоду азыр бул эки лейлектик Лос-Анжелестеги А.Шадиевдин жаны алган пентхаусун майлап, Баткен күрүчүнөн бастырып, кек чайды ичип, күзгө карата “Барборосс” планын түзүп атышы да мүмкүн. Себеби А. Шадиев дарыяны кечип өтүп баратып “Мени А. Атамбаев күзгө чейин АКШга бара тур дели…” деп кош айтышкан эмес беле. Баарынан да Икрам жакын арада Кыргызстанга кайтып келерин, эч кандай сот жообуна тартылбай тургандыгын айтып, “Алмаз Шаршенович Сокени мураскер кылуу планынан айнып: “бул жарабайт!” – деп башка талапкерге ставка жасай баштаганда мен шефти токтотуп, кайра Сокеге ставка жасоого көндүргөм. Ошондо мен болбосом, Соке эч качан президент болбойт болчу. Бул жакшылыгамды Соке өзү да билет”,- дегендиги желдей тароодо. Демек, Сокенин деле күнү айланып келип Икрамга түшөт окшойт…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: