Menu

Айдоочулар кайрадан экзамен тапшырышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү бардык айдоочулар кайрадан экзамен тапшырышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кенеште өткөн “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда эл өкүлдөрү билдиришти. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы 10 жылда жол кырсыгынан 10 миңден ашуун адам каза тапкандыгын айтып, кырсыктардын 57%ы Ош менен Бишкекте катталаарын белгиледи. Депутаггардын айтымында, жол кырсыктардын 86%ы айдоочулардын айыбы менен жүз берет. “Айдоочулар жол эрежелерин билишпейт, жөө жүргүңчүлөр өтүүчү өтмөктөн адамдарды коё беришпейт. Ошондуктан мен аларды кайрадан экзаменден өткөрүш керек дегенге кошулам”,- деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айдоочуларды кайрадан экзаменден өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди. Ал үчүн учурда укуктук-ченемдик базага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракеттер жүрүп жатат.“Негизи айдоочулукка окуп жатканда эле эрежелерди так үйрөнуп, кырсыктын алдын алыш керек”,- деген пикирин айтты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Ал эми айдоочулар депутаттардын бул пикирине караманча каршы чыгышууда. Алардын айтымында, экзамен учурунда баягы эле паракорчулукка орун берилээри анык. Талдоочулар дагы экзамен алуу менен эле кырсыктар азайбай тургандыгын айтышат. Андыктан айланып келип эле бул демилге ортодогу шылуундардын акча жасаган капчыгына айланбаса экен.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: