Menu

Фото – Икрамжан Илмиянов $7,5 миңге алдап кеткен сүрөтчү УКМКга арыз жазды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-июнда КР УКМКга арыз менен кайрылган сүрөтчү (А.Жаналиев) экс-президент Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аны 7,5 миң долларга алдап кеткенин билдирип, ага чара көрүүсүн суранып арыз жазган. Бул тууралу адвокат Искен Афиджанов арыздын фотокопиясы менен кошо фейсбукка жарыялады.

“2017-жылдын декабрь айында президенттин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өзүнүн таасиринен пайдаланып, мени Медиа Форум ишканасына чакырып, мендеги баасы 15 миң доллардык Атамбаевдин портреттеринин коллекциясын ага берүүнү суранды. Экөөбүз соодалашкандан кийин 10 миң долларга токтолдук. Ал 2,5 мин долларын дароо берип, калган 7,5 миң долларын кийин мени Дубайга алып барып ошол жерде берерин убада кылган. Андан сырткары мен тарткан Дубайдын принци Хамдамдын 3 портретин Кыргызстандын Дубайдагы консулу А.Маматбеков экөөсү алып, Хамдамга Маматбеков өзү экөөсүн тапшырып, ал эми үчүнчүсүн Икрамжан Илмиянов Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммадга белекке тартуулаган. Жалпысынан Илмиянов менен Маматбековдун айынан 52500 доллар же 3586000 (үч миллион беш жүз сексен алты миң) сомго зыян тарттым. Ошондон кийин Илмиянов менен Маматбеков мага таптырбай качып кетишти. Бул жарандарга каршы чара көрүшүңүздөрдү суранам”, – деп жазат арыз ээси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: