Menu

Ишкерден $10 миң талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад областы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ишкерге бут тоскон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралу Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Окуя 25-майда болгон, ишкер коркуп эч кимге айткан эмес, бирок оперативдүү маалыматтардын негизинде, милиция кызматкерлери ишкер менен жолугушуп анын арызын алышкан. Ал арызында төмөндөгүдөй билдирген.
“25-май куну саат 16:00 чамасында мен өзүм иштеген Сузак районунун аймагындагы таш заводумда олтурсам мени мага бейтаныш болгон «Замир» аттуу бала “Сиз менен менин башчыларым сүйлөшөлү деп жатышат” деп алдап, Жалал-Абад шаарына алып барып ал жерден мени өзүнүн шериктери менен “таш заводуңду жабасың же 10 000 АКШ доллар акчасын бересиң, болбосо буту колуңду сындырып, чаап өлтүрүп салабыз” деп уруп сабап коркутушуп 30 000 сом акчамды алышып, ал жерден мени үйүмө алып келишип үйдөн дагы 85 ООО сом акчамды коркутуп алып кетишти-деп Сузак районундагы жеке ишкерлердин бири арыз жазган.
Бул фактыда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 170-беренесинин (опуза талап кылуу) 2-б. 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Сузак районунун тургуну 1985-ж.т. Н.З. 18-июнь күнү кармалып, 2 айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Жалал-Абад ОИИБ жогорудагыдай көрүнүштөргө дуушар болгон жарандарды өз убагында билдирүүгө чакырат жана кылмыштуу топтордун аракеттерине бөгөт коюуга толук мүмкүнчүлүк бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: