Menu

Эмомали Рахмон: Борбор Азияда суу тартыш боло баштады

Бөлүшүү:

Жаан-чачындын аздыгынан улам Борбор Азияда суу тартыш болууда. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбеде өтүп жаткан «Суу 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн» деген эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгына арналган конференция маалында билдирди.

«Сезондук жаан-чачындын аздыгынан улам аймактагы өлкөлөрдө эмитен эле суу тартыш болуп жатат. Дарыялардагы суунун агымы жылдык орточо көрсөткүчтөн төмөн жана божомолдор сугат мезгилинде дарыялардагы суу талап кылынган норманын 60-70% гана түзөрүн көргөзүүдө», — деди тажик лидери.

Анын айтымында, мындай кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара тыгыз кызматташтыгын жана координациясын талап кылат.

​«Акыркы жылдары аймактагы саясий, экономикалык, социалдык жана гуманитардык тармактардагы өзгөрүүлөр өнүгүүнүн жакшы динамикасын көрсөтүүдө. Суу ресурстары бирдей жайылбаган Борбор Азия аймагы бул багыттагы конструктивдүү кызматташтыктын мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө», – деди Рахмон.

Президент ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Тажикстандагы жаратылышка жана социалдык-экономикалык абалга тийгизип жаткан таасирине дагы токтолду.

«Байкоолорго ылайык, акыркы 60 жылдын ичинде Тажикстанда абанын жылдык орточо температурасы бир градуска жогорулап, гидрометеорологиялык кубулуштардын жыштыгы менен интенсивдүүлүгү жогорулады. Мындай факторлордун таасири астында Тажикстанда суу ташкыны, сел, жер жана кар көчкү өңдүү жаратылыш кырсыктары өлкөнүн калкына жана экономикасына олутуу зыяндарды келтирүүдө. Ошондой эле акыркы жылдары биз дээрлик 1000ге жакын кичи жана орто мөңгүлөрдү жоготтук», – деди Рахмон.

Душанбедеги конференция Тажикстан өкмөтүнүн демилгеси жана БУУнун колдоосу менен өтүүдө. Иш-чара катышуучуларынын арасында Пакистандын президенти Мамнун Хусейн, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла дагы бар. 22-июнга чейин өтө турган конференцияга жалпысынан дүйнөдөгү 110 мамлекеттин жогорку кызматтагы өкүлдөрү учуп келишкен.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: