Menu

Азыркы тагдырына тегерегин коррупционерлер менен курчап алган Атамбаев өзү күнөөлүү…

Бөлүшүү:

 – Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

Атамбаевге эч ким тузак салган жок деп ойлойм. Болгону ал өзүн-өзу коррупцияга чырмап алды. Эң жакын адамдары коррупцияга шектелип, четинен камалып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков февралда Коопсуздук кеңешинде “коррупцияга каршы күрөшөбүз”-деген чечкиндүү сөзүнөн кийин күч органдары коюлган тапшырмаларды аткарууга шымаланып киришти. Жогорку кызматтарды аркалаган, азыр камакка алынган мурунку чиновниктер ТЭЦке бөлүнгөн кредитти “туура эмес жумшап, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” деген тек менен кармалып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугунда маалыматтар жетиштүү, ошон үчүн президентин коррупцияга карты күрөшүн, чечкиндүү кадамдарын мыйзам чегинде колдоодо.

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Баш дирижерге дагы кезек келеби?”

– Бийликтин бул кадамдарын чын эле чечкиндүү кадам деп сыпатташыбыз керек. Ушулар катышкан коррупциялык иштерге анализ берип отуруп, “чын эле ушунчалык дагы уятсыздыка барыштыбы?”- деп бир туруп ишенип, кайра ишенбей кетесиң. Булар чындыгында “күн көрбөгөн күндүзү чырак жагат” болушуп мындай бекер байлыктарга жеткенден кийин “көөдөнү тойбогондун көзү тойбойт” дегендей атаандашып, акча сугунушкандары ачыкка чыгып калды. Албетде мындай оркойгон шибегелерди элдин көз жаздымынан билгизбей катып калуу эч мүмкүн болбой калды. Мурун бул коррупцинерлерди “ач көздүк” өзүнүн сормо сазына кандай соруп кетсе, эми булар ошол сормо сазга, өзүлөрү бирин-бирин тартынбай сүйрөп барып, бири бирин тыгып жатышат. Бул дагы чети, эми дагы далай былыктар ачыка чыгат деп ишенем. Албетте, мындай жагдайда бул коррупционерлердин негизги “дирижеру” болгон Атамбаев четте калышы эч мүмкүн эмес. Ошондукта эртеби кечпи кимиси болсо да эл ырыскысын эпсиз жегендер эл алдында жооп бериши керек. Ошондуктан биз азыркы ажонун мындан ары дагы чечкиндүү болушуна тилектеш болоор элек.

Асия Сасыкбаева, экс-депутат: “Буларды камоо кийинки шайлоого жол тазалоо же кайра эле өч алуу деген сөзгө жем таштады”

– Эн биринчи коррупцияны прокуратура, сот жана күч структурасында жоюш керек эле. Ошондо азыркы кармалып жаткан мамлекеттик чиновниктердин иштери адилеттүү каралып, “заказ” жок экенине эл ишенмек. Андай болбой жаткандан кийин коррупция менен күрөшүүгө багытталган иш-аракеттер ар түрдүү ойго салууда. “Балким, буларды камоо кийинки шайлоого жол тазалоодур же кайра эле -чалуудур – деген сөзгө жем таштоодо. Акыркы 20 жылдан бери биз күч органдарын деполитизация, саясаттан алыстатуучу чараларды мыйзамдаштырыш керек деген маселеникөтөрүп келебиз бирок майнап чыкпайт. Анткени, анын баары жаны келген бийликке керек нерсе экен. Өздөрү колдонуп башташат дагы жыйынтыгында өздөрү ошол эле “чалгыларга” чалынып калышат. Буга 3 президентибиз ачык мисал болуп бере алат. Ошондуктан кармалгандардын күнөөлөрү канчалык, жана кайсы соттор карайт же баягы эле “дежур”, “заказдар” менен иштегендер карайбы – ушул маселе маанилүү. Текебаевдин ишин “токугандай” эле “токуп” коюшабы? Элибиз чындыкты билеби же дагы эле алданып калабы? Ушул суроолорго жооп ала албайбызбы деп корком!

Андан тышкары президенттин тегерегиндегилердин кармалбаганына таңгалгандар абдан көп. Кийин ошолор эле өзүнө зыян келтирет. Эгер президент коррупция менен чындап күрөшсө, атамбаевдин эле кадрларын камабай, тегерегиндегилерге да коз салышы керек. Болбосо калган беш жарым жыл тез эле өтүп кетип, тегерегиндегилер ага кесепетин тийгизет.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Атамбаевге карата өч алуу эмес, бул чыныгы коррупцияга каршы күрөш!”

– Кыргыз Мамлекети кичине мамлекеттердин бири, бирок жаратылыш байлыктарга бай мамлекет. Суусу, жаратылыш ресурстары жок мамлекеттер деле өнүгүп жатышат. Мисалы, Түштүк Корея мамлекети бизге караганда жаратылыш байлыгы жок, а бирок карасаңар өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Анткени, аларда жеп ичкендерди катуу жазалайт, коррупцияга жол жок. Бир кезде алар да бизге окшоп 1950-60-жылдары артта калган өлкө болчу, аскердик тартиптеги президент келип, жеп ичкен чиновниктерди аттырган экен, эли алтындарын, акчаларын чогултушуп, Германияга барып иштеп, иштеген маянасынын көпчүлүгүн бюджетке которушуп экономикасын көтөрүшкөн экен. Биздикилер тапкан ташыганын казынага салбаса да, камалган экс-чиновниктер жеп ичкени тастыкталса сөзсүз жооп бериши керек! 4 миллиард карызыбыз кайда кетти?! Эгерде ошол акчалар мамлекетти өнүктүрүүгө багытталса, элибиз тентип чет өлкөдө жүрбөйт эле! Ошон үчүн коррупция менен күрөштү Атамбаевге карата өч алуу деп эсептебейм жана ага карата жасалып жаткан тузак деп да ойлобойм. 2010-жылы элдик революпияда канкор Бакиевдин бийлигинде атылган балдардын көрүстөнүндө А.Атамбаев “коррупцияга карты күрөшөм, тууган. ДОС экенине карабайм, ичип жесе жоопко – тартап деген. Эми жооп берсин!

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кенештин депутаты: бейкүнөө адам жоопко тартылып калбашы керек

– Атамбаевди тузакка алыш үч “анын коммандасын камап жатат” дегенге кошулбайм. Буга эч кандай! негиз жок. ТЭЦ боюнча мамлекетке 100 млн. доллардан кем эмес ч гым келтирилген. Аны эч ким та албайт. Негизгиси, бейкүнөө адам  жоопко тартылып калбашы керек.  Андыктан тергөө дагы, сот да өтө дыкаттык менен, ачык айкын жүрүшү керек.

Эмилбек Момунов, журналист: “Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш боюнча убадасын аткарууда”

– Акыркы кезде эски бийликт тушундагы чон кызматты ээле жана Бишкек ЖЭБиндеги дайь сыз жоголгон 386 млн. доллаг тиешеси бар С.Исаков, А.Калиев,  О.Артыкбаев, К.Кулматов,  С.Авазов жана башкалардын камакка алынышы президентибиз  С.Жээнбековдун былтыр 2-февраль Коопсуздук кеңешинин жыйында «Коррупцияга каршы күрөшүү досума, тууган-уругума да карабаймын»,- деген элге берген убадаа аткаруу катары бааласак болот. Эл да мамлекет башчыдан ушундай чечкиндүү кадамдарды күтүп жатат. Бул коррупцияга карп чындап күрөш экендиги болууда. Эгер экс-президент А.Атамбаевдин күнөөсү болсо (бар деп ойлойбуз) да камалыш керек. Ансыз деле  экс-президент статусунан ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алууга парламент макулдук берди. Болгон да А. Атамбаевди баш кылып камап, жеген-ичкендерин кустуруш, атайын ачылган эсепке которуп, сырткы карызды төлөш керек. Ансыз коррупцияга каршы күрөш максатына жетпей калат. Ал эми АКШ качып кеткен А.Шадиевди да Лос Анжелесте чардап жаткан жерин колуна кишен салып келип, темир тордун артына отургузса, ошон эл С.Жээнбеков жана анын командасына биротоло ишенет. Ана баардыгы баягыдай эле сөз боюн калып, элдин бийликке болгон ип ним кредити муздай ээрип кетет. Кыскасы, бул А.Атамбаевге түз эмес, коррупцияга каршы чындап күрөш экендигин дагы бир ир баса белгилеп кетким келет.

Самат Алиев, коомдук ишмер: “убакыт көрсөтөт”

Албетте, эки түрдүү ой пайда болуп жатканын айтпай кеткенге болбойт. Бир жагынан жогорку мамлекеттик кызматты ээлеген коррупционерлерге каршы чечкиндүү күрөшүү жүрүп жаткандай сезилет. Бирок, ошону менен бирге, бул Атамбаевге каршы сокку урууга да окшош болуп жатат. Азырынча толук кандуу жооп берүүгө кыйын. Убакыт көрсөтөт.

Самсаалы Четинбаев, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү: “Жээнбековдун бийлиги бир ок менен эки коен атып жатат”

– Жээнбековдун бийлиги бир ок менен эки коён атып атып жатат десек болчудай. Экөөсү тең Жээнбеков башында турган бүгүнкү бийликке керек. Мындай кадамга барбаса өздөрүнө кыйын болуп калышы толук мүмкүн. Себеби, Атамбаевдин эмнеге жөндөмдүү экенин жакты билебиз. Ал кишиге ишенич жок, ар кандай кадамдарга барып ийиши мүмкүн… Анын үстүнө буларда азыр эбегейсиз акча байлык бар. Коп нерсени акча чечип калган заманда андан баарын күтсө болот. Албетте бул менин жеке пикирим.

Тимур Саралаев, Эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин жетекчиси: “Тергөө маалында камакка алынгандар коррупция менен күрөштүн чордонундагы фигуралар”

Ж.Сатыбалдиевдин, К.Кулматовдун, С.Исаков, О.Артыкбаев жана башкалардын тергөө маалында камакка алынышы учурда коррупция менен күрөштүн чордонундагы фигуралар деп айтсам жанылышпайм. Кышкы окуядан кийин, борборубуздагы ЖЭБке (ТЭЦ) байланыштуу чон, ири суммадагы, Максим Бакиевдин дагы түшүнө да кирбеген схемалардан кийин, ага тиешеси бар шектүү чи-новниктерди коомчулук бийликтен адилеттүү жоопкерчиликке тартылуусун күтүп жаткан. Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги айткан Сөзүнөн кийин, бул күтүүлөр курчуй түшкөн. Коомчулук, соңку мезгилдерде түздөн-түз бул маселени кабыргасынан коё баштаган: “качан майда эмес, чон коррупционерлер жоопко тартылат”,- деп. Менимче, президент, карапайым калктын, интеллигенциянын, катардагы эм-гекчилердин, жаштардын, кыскасы коомчулуктун активдүү бөлүгүнүн үнүн, мүдөөсүн угуп, элге, мыйзамдуулукка, мезгилдин талабына карай кадам жасап, чыныгы коррупция менен күрөштү баштады. Жогоруда айтылган нерселерди эске алып, мен, бул, А.Атамбаевге карата тузак салууга аракеттен кабар берет дегенге кошула албайм. Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө, мурунку жегич жетекчилерди коомчулук, алардан кийинки келген бийликтен коррупционерлер боюнча маселе коюшат.

Биздин, коомчулукту, деги эле учурда жүрүп жаткан коррупция менен күрөшкө көңүл буруп жаткан мекендештерге кыскача маалымат катары ошол эл аралык тажрыйбадан мйсалдарды келтире кетким келет. Ошол багытта, эң алдыда болгон Түштүк Кореяны карап көргүлө, ал жерден ар бир экинчи мамлекеттик жетекчи жеген үчүн жоопко тартылган, камалган. Же, ошол эле Израиль мамлекетти, анын мурунку премьер-министрин Эхуд Ольмертти 70 жашына карабай, курулуш тармагында пара алган деген күнөө менен эле соттоп, түрмөгө отургузушкан. Атыска барбайлы, маселен ошол эле коңшу Казакстан, ал жерде коррупциялык кылмыштар үчүн 2 премьер-министрди соттоп, эркинен ажыратышкан, алар – Се-рик Ахметов жана Акежан Кажегельди. Казакстандын мурунку премьери Серик Ахметов мамлекетке 8 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген деген күнөө менен 10 жылга кесилип олтурат. Ал эми биздечи, бир эле обьекттен, ошол эле Бишкек ЖЭБден жүздөгөн миллион долларлар уурдалып, сол жакка кетип жатат, башкаларды айтпай эле коёлу. Анан ошого тиешеси барлар, Ж.Сатыбалдиевдин, К.Кулматовдун, С.Исаков, О.Артыкбаев, А.Калиев, жана ким болбосун мыйзамдуу жана адилеттүү жоопкерчиликке тартылбай жүрө беришсинби?! Алар зыян келтиришее албетте жооп бериш керек. Жооп берүүдөн тышкары, алар жеген акчасын ордуна коюп бериши керек. Жок, андай эмес, алар суудай таза, айлыктан айлыкка эле жашашчу деген, аларга болушкан, жан тарткандарга айтат элем – жолунар болсун деп.

Кадыр Кошалиев, журналист: “Азыр эл өкмөткө караганда президентке көбүрөөк ишенип турат”

– Коррупция менен күрөштүн масштабы кеңейди десек болот. Мурда саясий атаандаштарын чаап салуунун куралы болуп келсе, азыр чыныгы жемкорлорду камай баштаганы көрүнүп турат. Мамлекеттин талап-тонолгон мүлкүн топтоп, туура пайдалануу ишин көзөмөлгө алган, эл ишенген түзүм керек болууда. Канткен менен президент да жалгыз, ал да адам, баарына жетишүү мүмкүн эмес. Иштин жы-лышы үчүн бир максатты көздөгөн команда керек. Азыр эл өкмөткө караганда президентке көбүрөөк ишенип турат. Демек, президенттин алдында кадыр барктуу, калыс адамдардан турган ушул ж.б иштерди көзөмөлгө алып, кеңеш берген Коомдук Кеңеш түзүлсө максатка ылайыктуу болмок. Өзүнүн да “мен бир партияга эмес, элге таянам” деген сөзү бар.

Чынайым Кутманалиев

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: