Menu

Ташболот Түлеев, Нариман Түлеевдин атасы: Союздун тушунда жашадым, Акаев менен Бакиевдин убактарын көрдүм, бирок Атамбаевдин учурундагыдай башаламандык мурда эч качан болгон эмес

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде Бишкектин экс мэри Нариман Түлеевге карата атамбаевдик бийликтин тушунда чыгарылган сот чечимдеринин тегерегинде кайрадан талкуу башталды. Буга бир чети атамбаевдик чөйрөнүн Түлеевге каршы үстөккө босток маалыматтык чабуул коюп, каралоосу себеп болууда. БИр катар күбөөлөр, эксперттер, юристтер Түлеевдин өзүн камакка алуу, соттоо, мүлктөрүн атртып алуу ал кездеги ажо ажо А.Атамбаевдин түздөн-түз буйругу менен жасалганын тастыкташты. Башкача айтканда, Тулеев АШАга тизелеп барып, кечирим сурабагандыгы үчүн укуктук чектен чыккан куугунтукка кабылган. Мунун баарын 2013-жылдын 29-июлунда Нариман мырзаны 11 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо боюнча Ленин райондук сотунун чечиминен кийин эле саясатчынын атасы Ташболот Тулеев таасын айткан экен. Биз артка кылчайып, Ташболот атанын бу жалган дүйнө менен коштошорунан жарым жыл мурдагы айткан-дегенин “Ютубтан” көрүп, кагазга түшүрдүк. Көрсө, жарыктын киши ошондо эле баарын таамай айткан турбайбы. Бүгүнкү Атамбаевдин өзүнүн тегерегиндеги адамдардын мышык ыйлагыдай абалын көрүп, жакабызды кармап тобоо келтирдик анткени, маркум Ташболот атабыз менен Чынара апабыздын алардын наамына айткандары каргыш болуп тийип, Кудайдын жазасын алып жаткандай. Бул ким бийликте болбосун, сабак болууга тийиш. Падыша адилет башкарышы керек, болбосо, бул жерде кол тийгис болгону менен. жараткандын асмандагы сотунан эч жакка кача албайт, керек болсо көзү тирүүсүндө каргыш тийип калышы ыктымал.

– Ташполот мырза, уулунуздун иши боюнча соттун чечимине кандай баа бере аласыз?

– Ачыгын айтканда, биз Аман Сариев эч кимди укпаган, принципиалдуу, мыйзамдардын гана биринчи орунга койгон судья экенин укканда чындап кубанганбыз. Ошондон удам, адилеттүүлүк орноп, уулумду акташына ишенип алдык эле. Бирок, баары биз ойлогондой болгон жок. Акыр-аягы ушундай чечим чыгарарын билген сон, процессти 9 айга созуп, адвокаттарга биздин убактыбызды, каражатыбызды кетиртип эмне кереги бар эле? Бирок, ушул 9 айда биз уулумдун күнөөсү жок экенин далилдеп бердик. Бул мезгил аралыгында канчалаган күбөлөр соттон өттү, бирок, бирөөсү да Нариманга каршы көрсөтмө бербей койду. Макле-кеттик айыптоочулар жада калса уулум эмнеге айыпталып жатканын түшүндүрө албай коюшту. Наримандын күнөөсүз экенин далилдөө үчүн Кытайга чейин барып, расмий документтерди алып келдик. Тергөө учурунда да, кийин, сотто да чындык Нариман тарапта экени билинип турду. Муну тергөөчүлөр өздөрү да тар чөйрөдө шыбырап жүрүштү.

Мен эмгек сиңирген курулушчумун. Саясаттан дайыма алыс болуп келдим. Имараттарды куруп, казынага салык төгүп жүрдүм. Эмнеге жетишсем, ал менян мандай тер мээнетим. Союздун тушунда жашадым, Акаев менен Бакиевдин убактарын көрдүм, бирок, дал азыркы күндөгүдөй башаламандык мурда эч качан болгон эмес! Мен кыргыздын: “Бирөөгө op казсаң, анчалык терен казба, кийин, өзүң дагы түшүп калышың мүмкүн”- деген сөзүн эске салам. Учуру келет, мына бүгүн чектен чыккан ар бир иш аракет үчүн, керт баштары менен жооп беришет!

– Сиз президентти тааныйт экенсиз. Ага кайрылып көрдүнүзбү?

– Атамбаев менен узак жылдардан бери бир туугандык мамилебиз бар. Бул киши мени жакшы билет. Мен Алмазды ар дайым колдоп, жардам берип келгем, муну ал дагы унутпастыр. Бирок, бүгүнкү күндө мен Алмаздын позициясын таптакыр түшүнбөй жатам, ал уулумдун тагдырына кол шилтеп, акыйкаттуулукка жеткиси келбеген адамдай өзүн алып жүрөт. Менимче, Нариман-ды камаган адамдар аны прези-дентке жамандап барышеа керек. Наримандын ден-соолугу жакшы болбой, Атамбаевге кайрылсам жооп келбеди. Ошондон кийин түшүндүм. Камакка алынардын алдында ал Германияда операция болгон. Муну биз өзүбүз да камалгандан кийин билдик, айтпай жүргөн экен. Тергөөнү камабай эле жүргүзө беришее болот эле го. Уулумду билем, ал эч качан качпайт! Анткени, ал таза. Кара ниеттин баары качып кетишкен эбак эле. Президент ушунун баарын көрүп туруп, мыйзам талаасынан чыкпоого үндөш керек болчу. Учурда кызыкдар күчтөр коррупцияга каршы күрөш ураанына жамынып алышып, каалагандай адам тагдырын калчап жатат! Соттор башка чечим чыгаргандан коркушат! Баарынан да Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын начальниги Жаныбек Салиев катуу күйпөлөктөп жанталашып кирди. Чынында, анын прокуратурада иштөөгө моралдык укугу жок. Себеби, өз учурунда “каракчылык” боюнча кылмыш ишинин каарманы болгон. Салянованын курсташы болгондуктан, ага карабастан чон кызматты кармап олтурат. Булар да баарына жооп бере турган учур келет! Кийин эскертпеди дебегиле!

– Нариман уулуңузду ошентип соттоп салышты. Бирок, эмнеге бир туугандарынын мүлктөрү да тартып алынышы керек? Мунун баары мандай тер менен келген мээнет экенин жогоруда сөз кылдыңыз?

– Муну таптакыр чийинден чыккандык катары эсептейм. Айрым бир адамдарга окшоп, биз бизнес-объектилерди “менчиктеген” жокпуз. Базарларды, ири өндүрүш ишканаларын тартып албадык. Баары өз мээнетебиз. “Караван” соода борборун курардын алдында, мен ал жактагы үйлөрдү бузганга чейин, жакшы баа менен ээлеринен сатып алдым. Каражат жетпей калганда, 3-кабатка өнөктөш чакырууга мажбур болдум. Мына ушул соода борбору 2006-жылдан бери казынага 100 млн сомдон ашуун пайда түшүрдү. Калган имараттар, объектилерди ушундан түшкөн пайдага тургузулду. Наримандын башкалардан айырмасы, ал бизнесин кызматка келгенге чейин бутка тургузуп алган болчу. Ошого карабастан, судья менин мүлкүмдү конфискациялоону талап кылды. Кайсы мыйзамда атасы уулу, уулу атасы үчүн жооп бериши керектиги жазылып турат? Ушунун өзүнөн эле уулумдун иши саясий буйрук экени көрүнүп турбайбы. Мен ак ишим менен тапкан имараттарымды жен эле берип койбойм. Кудай күч-кубат берсе, аягына чейин күрөшөм! Артымда канча неберем бар; алардын келечеги үчүн күрөш жүргүзөм!

– Азыр туш-туштан сиздерди каралап жатышат…

– Ооба, колдорунда турган бардык маалымдоо каражаттары аркылуу бизди ууру, коорупционер катары көрсөткүлөрү келет. “Акипресс” башынан бери бир тараптуу маалымат чыгарып жатат. Биздин дагы пикирди чагылдырууну өтүнсөк, ай сайын 25 мин доллар сурашты. КТРК күнү-түнү боктоп жатат. Башка көрсөтө турган нерселери жокпу? Же бизде бир эле – Тулеев коррупционерби? Миллиондорду жеген-ичкендер сайрандап эле жүрүшөт го…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: